АК-ЖОЛДО ЖАКШЫ СААМАЛЫК

  • 13.09.2021
  • 0

Ушул жылдын 12-сентябрында Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Шынаа айылында 50 орундуу бала бакча ачылды.

Бул бала бакчанын имаратын Султанмуратов Акматбек агайдын балдары өздөрүнүн демөөрчүлүгү менен бүтүрүп, мамлекетке өткөрүп беришти. Ачылуу аземине районубуздун акими Замирбек Бейшенович, бөлүм башчы Талантбек Эмилбекович жана Акматбек агайдын алыс жакындан келген туугандары, санаалаштары, айылдаштары катышты. Келечектин ээлери болгон мотурайган бөбөктөргө шарт түзүп берген атанын уулдарына таазим.

Махабат Мырзаканова,
Аксы району

 

Бөлүшүү

Комментарийлер