АК-ТАЛААДА ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

  • 14.02.2020
  • 0

Ак-Талаа районунун Баетов айылында 275 орундук төрт корпустан турган мектеп курулуп, ишке берилди. Бул тууралуу “Турмуш” басылмасы жеринен кабарлады.

Э.Карасартов атындагы мектептин курулушунун ачылышына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жетекчилер катышты. 1976-жылы курулган эски имаратында балдар үч нөөмөттө окушчу. Ал эми спорт залы жок болгондуктан, окуучулар дене тарбия сабагын эшиктен өтүүгө мажбур болуп келишкен.

АК-ТАЛААДА ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛДЫАлты жылдан бери курулуп, бүтпөй аткан мектептин курулушун ийгиликтүү аяктап, ишке берген курулуш компаниясына ыраазы болгон Баетов айыл өкмөтүнүн администрациясы аларга белектерин, Ардак грамоталарын тапшырды. Белектен мектептегилер да куру калбай, 2 компьютер жана 100 миң сом акчалай алышты.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер