АК-ТАЛАА: АТА-ЭНЕЛЕРГЕ ЖАНА ОКУУЧУЛАРГА ПСИХОЛОГИЯЛЫК ТРЕНИНГДЕР ӨТКӨРҮЛДҮ
- 30.10.2026
- 0
27–28-октябрь күндөрү Ак-Талаа районунда Бишкек шаарынан келген кесипкөй психологдор тарабынан ата-энелерге жана мектеп окуучуларына арналган психологиялык окуулар уюштурулду. Ата-энелер үчүн өткөрүлгөн семинарларда үй-бүлөлүк мамилелерди бекемдөө, жубайлардын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү чыңдоо жана балдарга туура тарбия берүү маселелери кеңири талкууланды. 
Ал эми окуучулар үчүн балдар психологу тарабынан «Балдарды шыктандыруу аркылуу дараметин ачуу» жана «Кесипти туура тандоо» темаларында атайын тренингдер өткөрүлдү. Анда окуучулардын жөндөмүн өнүктүрүү, өзүнө болгон ишенимин арттыруу жана келечектеги кесибин туура тандоо боюнча багыттар берилди. Мындан сырткары, турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандар жана балдар үчүн жеке кабыл алуулар уюштурулуп, тиешелүү кеп-кеңештер айтылды. 
Иш-чаранын уюштуруучулары белгилегендей, бул тренинг-семинарлар 29-октябрда Тоголок Молдо айыл аймагынын тургундары жана окуучулары үчүн Жаңы-Талап айылында улантылды. Мындай жолугушуулар үй-бүлөдөгү жагымдуу психологиялык чөйрөнү калыптандырууга, ата-энелердин тарбиялык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана жаш муундун дараметин ачууга чоң өбөлгө түзөт.
А.К., «КБ»

