“АК ШООЛА” БАЛДАР ХОРУ АЛП ЖАЗУУЧУНУ ЭСКЕРИШТИ
- 11.06.2020
- 0
Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун Ч.Айтматов атындагы сыйлыктын ээси, үлгүлүү, элдик “Ак Шоола” балдар хорунун тарбиялануучулары “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги Чыңгыз Айтматовдун каза болгон күнүн эскерип, эстелигине гүл коюп келишти.
Маалыматка ылайык, кырдаалга байланыштуу бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өспүрүмдөр залкар жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү жана К.Молдобасановдун “Саманчынын жолу” балет ораториясынан “Эненин ыйы” ариозосун скрипканын коштоосунда аткарышты.
- “Ак Шоола” балдар хору Ч.Айтматов атындагы сыйлыктын ээси болгондуктан жыл сайын улуу жазуучунун бул дүйнө менен коштошкон күндү аза күтүү, эскерүү күнү катары белгилеп алганбыз. 10-июнда дайыма Айтматовду таануу, анын чыгармаларын окуу, балдар менен ар кандай театрлаштырылган оюндарды өткөрүү, монологдорду айтуу, адабий-музыкалык иш-чараларды өткөрүп жүрөбүз. Быйылкы иш-чарага онлайн форматта даярдандык. Балдарга монологдорду айттырып, эстетип, жаттаттырып дегендей. “Ата Бейитке” ата-энелер балдарын өздөрү жеткирип келишти. Жыйырмадай бала жогорку деңгээлде монологдорду аткарышты. Балдардын адабий-музыкалык аткаруусун келгендер абдан кызыгуу менен көрүштү, батасын беришти, — дейт “Ак Шооланын” жетекчиси Гүлмира Эсенгулова.
Иш-чарага Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсү, белгилүү акын-жазуучулар, академиктер жана балдардын ата-энелери катышты.
Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”
Бөлүшүү
Комментарийлер