АК-ОРДО ЖАҢЫ КОНУШУНДАГЫ №102 МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

  • 14.11.2022
  • 0

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын «Ак-Ордо» жаңы конушундагы №102 орто мектептин ачылыш аземине катышты.   

АК-ОРДО ЖАҢЫ КОНУШУНДАГЫ №102 МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары жалпы билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги борбордун негизги көйгөйү болгондугуна токтолду.

«Борбордо мектептердин жетишсиздиги актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болгон. Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы менен Бишкек шаарында 15 мектептин курулушу башталган. Бүгүнкү күндө 15 мектептин 13ү окуучуларга өз эшигин ачты. Бул чоң жетишкендик. Жакынкы жылдары билим берүү тармагына инвестициялоо артыкчылыктуу багыт катары саналат жана кеп билим берүү мекемелерин куруу жөнүндө гана болгон жок. Бул окуу китептерин даярдоо, мектеп программасын өзгөртүү жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу сыяктуу маселелерди камтуу менен билим берүү системасын толугу менен кайрадан карап чыгуу дегенди билдирет”, — деди Эдил Байсалов.

Белгилей кетсек, нөлдөн баштап курулган үч кабаттуу мектептин имараты 750 окуучуга ылайыкталган. Окуу имаратында негизги жана көмөкчү жайлар долбоорлонгон, анда окуу класстары, мугалимдер бөлмөсү, ашкана, жыйындар залы жана спорт залы каралган.

www.gov.kg/ky/post/s/22203-ministrler-kabinetinin-tragasynyn-orun-basary-edil-baysalov-ak-ordo-zhay-konushundagy-102-mektepti-achty

Бөлүшүү

Комментарийлер