АК-БОСОГОДО ЭКИ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

  • 05.06.2023
  • 0

Бүгүн Бишкек шаарындагы Ак-Босого жаңы конушунда үй тибиндеги эки бала бакча ачылды. Биринчи-Май райондук администрация башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары Рахат Мусаеванын айтымында, бул райондо ачылып жаткан бешинчи бала бакча болуп эсептелет.АК-БОСОГОДО ЭКИ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

Үч балалуу Сара Надырбекова Ак-Босого жаңы конушунун тургуну. Бүгүн ачылган “Керемет” бакчасына алты жашар уулун алып келди. Ал айрыкча төрт маал тамагы жана даярдоо тайпасы бар экендиги жакканын айтып кубанууда.

— Мен үй-бүлөм менен ушул конушта жашайм. Жакын жерде бала бакча жок жакшы эле кыйналдык. Анан бүгүн минтип биздин конушта, болгондо да, бизге жакын жерде үй тибиндеги бала бакча ачылып жатканына аябай кубанып жатабыз, анын үстүнө бул эжени жакшы тааныйбыз, андыктан балдарыбызды кооптонбой, ишенип тапшыра алабыз. Мен кесибим боюнча маркетологмун, бала бакчанын жоктугунан иштебей үйдө олтурууга мажбур болуп келгем, эми иштей баштайм, — деп, сүйүнүчү менен бөлүштү.АК-БОСОГОДО ЭКИ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

“Керемет” бакчасынын башчысы Мерила Сыдыкова медициналык кесиби менен 17 жыл медайым болуп иштеп келген. Кийинчерээк медициналык академиясынын менеджер-окутуучу факультетин да аяктаган. Эки жылдан бери жеке менчик бала бакча ачууга кыялданып, документтерди чогултууда кыйналып, токтотуп койгон эле.

— Жеке менчик бала бакча ачуу үчүн көп сандаган документтер талап кылынгандыктан, эки жыл убара тартып жүрүп, токтотуп койгон элем. Анан эле “Көктөн тилегеним жерден табылып”, айыл өкмөтүнөн маалымат келип калды. Өкмөттүк долбоордун алкагында үч күн окуп, тиешелүү документтерди алдык. Балдарын алып келгиси келгендер бири-биринен угуп келип, жазылып жатышат, азырынча төрт бала жазылды. Бир үй-бүлөдөн бир нече бала келсе, жеңилдиктер каралат, — дейт жеке ишкер айым.АК-БОСОГОДО ЭКИ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

Биринчи-Май районунун акиминин орун басары Рахат Мусаеванын айтымында, пилоттук районго кирген бул аймактагы Ак-Босого, Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо деп аталган үч жаңы конуштун ичинен буга чейин бир гана Ак-Босогодо мамлекеттик бала бакча бар болчу. Эми минтип калган конуштардын тургундарынын балдарын мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоого жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат. Район боюнча үй тибиндеги бала бакча ачууну каалаган 200го чукул ишкерлерден кайрылуулар келип түштү. Алардын документтерин тактап, толуктагандан кийин үч күндүк окууларга жиберишүүдө. Бүгүнкү күндө 81 ишкер айым сертификат алды.

КР Президентинин демилгеси жана КР Министрлер Кабинетинин көзөмөлү менен ишке ашырылып жаткан Өкмөттүк акселераторлор программасынын алкагында жеке менчик бала бакча ачкысы келген жарандар эми жеке ишкер катары катталып, патент алуу жолу менен ача алат. Ал үчүн өзү жашаган районго барып билдирме таштоого тийиш.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер