«АЙЫЛ ЧАРБАСЫН КАРЖЫЛОО» ДОЛБООРУ АЙЫЛ ЧАРБАСЫН ӨНҮКТҮРҮҮНҮН МААНИЛҮҮ ИНСТРУМЕНТИ БОЛУП САНАЛАТ
- 18.02.2020
- 0
«Айыл чарбасын каржылоо» долбоору айыл чарбасын жана жалпы эле реалдуу экономиканы өнүктүрүүнүн маанилүү инструменти болуп саналат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Айыл чарбасын каржылоо — 8» долбоорун жүзөгө ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол коюп жатып билдирди.
«Айыл чарбасын каржылоо — 8» долбоору боюнча жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгүн жылда 10 миңден ашык жараныбыз пайдаланат. Ал айыл чарбасынын негизин түзгөн асыл тукум жана үрөн чарбаларын жакшыртууга багытталган. Калк мындай жардамга муктаж», — деп белгиледи Премьер-министр.
«Айыл чарбасын каржылоо – 8» долбоорун жүзөгө ашырууга 1 млрд. 250 млн. сом каралды. Бул чакан жана ири айыл чарба өндүрүүчүлөр, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайын каржылоого жумшалат.
Зайымчылар үчүн акыркы пайыздык чен төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:
— чакан айыл чаба өндүрүүчүлөр үчүн, анын ичинде жеке жактарга — «ФСХ-Фермер» категориясы боюнча 10 пайыз;
— ири айыл чарба өндүрүүчүлөр үчүн – 8 пайыз;
— тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы ишканалары үчүн – жылына 6 пайыз.
«Айыл чарбасын каржылоо — 8» долбоору кошумча нарк чынжырчасын жана айыл чарба класстерин киргизүү ыкмасын колдонгондорду жеңилдетилген шартта каржылоого багытталган. Долбоордун жалпы суммасы быйыл 6 млрд. сомдон ашат. Бул учурдагы чарбаларды гана иргелештирбестен, экспорттук потенциалды арттырып, азык-түлүк коопсуздугун сактайт», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Белгилей кетсек, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана өлкөнүн агроөнөр жай комплексинин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2013-жылдан бери «Айыл чарбасын каржылоо» долбоору ишке ашырылып келе жатат.
Премьер-министр буга чейин насыянын ушул линиясы боюнча берилгендерге анализ жүргүзүүнү жана өлкөнүн айыл чарбасынын өнүгүшү үчун кандай натыйжа бергенин аныктоо тапшырмасын берди.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү
Комментарийлер