«АЙТМАТОВГО БОЛГОН СЫЙ-УРМАТ ӨЗҮБҮЗ ҮЧҮН, КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН ЗАРЫЛ»

  • 15.03.2018
  • 0

«АЙТМАТОВГО БОЛГОН СЫЙ-УРМАТ ӨЗҮБҮЗ ҮЧҮН, КЕЛЕЧЕК  ҮЧҮН ЗАРЫЛ»

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналат

Абдылдажан Акматалиев, КР Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору, филология илимдеринин доктору, профессор, академик, көрүнүктүү адабият таануучу:

 

«АЙТМАТОВГО БОЛГОН СЫЙ-УРМАТ ӨЗҮБҮЗ ҮЧҮН, КЕЛЕЧЕК  ҮЧҮН ЗАРЫЛ»

        

         – «Өмүр өтсө эл эмгектен эскерсин» дегендей, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы жакындап калды. Айтматовду Сиздей билгендер жокко эседир. Ириде үлкөн айтматовтаануучу катары көп эмгектерди жаздыңыз. Экинчиден,  залкар сүрөткер менен өтө жакын мамиледе болгонуңузду да билебиз. Менин кызыкканым, ушундай жакындык качан жана кай себептен башталды?

         – Бул сурооңо кыскача эле жооп берсем деген оюм бар. Анткени, ал жөнүндө бир топ эле макалаларда, маектерде айткандай болдум. Анын үстүнө жазуучу Самсак Станалиев да жакында жарык көргөн романында чагылдырган экен. Болгону бир аз тактык эместикти кетирип койгон. А сурооңо келсек, 1980-жылы күз айында конференцияда жолугуп, тааныштым. Бул мезгилде мен жазуучу тууралуу кандидаттык диссертациямды жазып жаткан элем. Алгачкы таанышууда эле Айтматов жөнөкөй, карапайым, кеңпейил, айкөлдүгүн көрсөтүп, мага убактысын бөлүп, баарлашуу мүмкүндүгү түзүлүп, түшүнүшүү орун алды. Балким, ушунданбы, айтор ошол күндөн баштап өмүрү өткөнчө, 28 жыл бирге чыгармачылык, турмуштук байланышта болуп келдик.

         – Достошуу оңой, достуктун өтөсүнө чыгуу кыйын эмеспи. Айтматов экөөңүздөрдүн ата-баладай мамилеңиздердин сыры эмнеде?

         – Албетте, биз достук мамиледе болдук десек, туура эмес болор. Бирок, ата-баладай, ага-инидей, бир туугандай мамиледе болгонубузду өмүрдөгү турмуштук жагдайлар күбөлөп турат. Жогоруда айткандай, тез эле жашообузда да аралашып, жуурулушуп кеттик. Бул баарынан ички дүйнөдөгү тазалыктан, ишенимден болсо керек. Ал кишинин ишеним көрсөтүүсүнөн, ак ниет, ак тилек мамилесинен узак убакыт бою байланышыбыз үзүлүп же унутулуп калбай келсе керек. «Кыямат» романы жазылып жатканда мен жазуучунун чыгармачылык өнөрканасына кызыгып, байкап жүрдүм. Кийин роман жарык көргөндө, эң алгачкы нускасынан мага тартуулап: «Бул китептин жазылышына тилектеш болгон Мелиске, анын үй-бүлөсүнө, Эльтуранга 01.05.1987» деп кол тамга жазып берген. Анын үстүнө мен уулдуу болгондо, ысмын Чыңгыз агай койгон. Ширин, Эльдарды ээрчитип, Эльтуранды көрөбүз деп келген көп учурлар болгон. Кат жазганда да «айланайын» деп баштоочу. Мына ушундай көп жагдайлардан улам турмуштун өзү бири-бирибизге жакындатып салган. «Өзүмө кандай ишенсем, өзүңө ошондой ишенем» деген сөзү жана каты менин жашоомдун таразасы болгон.

         – Элибизде «Колдо бар алтындын баркы жок» деген сөз бар. Айтматовду биз канчалык бааладык, эмнесин баалабай калдык?

– Бул тууралуу да көп жаздым. Сүйүктүү окурмандары дүйнө жүзүндө баалап, урматтап, сыйлап келе жатышат. А бийликтеги биздин чиновниктер кайдыгер болуп келишкен. Дүйнөдөн кайтканда да, 80 жылдыгын өткөрүүдө да формалдуу жасалма, эптеп-септеп эле болуп калды. Ага баарыбыз күбө болдук. Эми быйыл 90 жылдыгы эң жакшы өтөт деген ойдомун. Айтматовду кандайдыр бир датага же окуяга байланыштуу гана баалоо туура эмес деп ойлойм, ага болгон ызат, сый-урмат дайыма болушу керек. Ал Айтматов үчүн эмес, өзүбүз үчүн, келечек үчүн зарыл.

Сиздин баамыңызда Айтматов адамдарга кандай мамиле кылчу? Сыртта да,  өлкөбүздүн ичинде да бир сапарда болгонсуздар. Ошондон мурда айтылбай калганын эскере кетсеңиз…

         – Айтматов жан дүйнөсүндө боорукер болгон, улуу-кичүүгө бирдей мамиле кылчу. Айтматов менен бир кездешкен адам анын жөнөкөйлүгүн, карапайымдыгын, кеңпейилдигин, айкөлдүгүн, ак ниеттүүлүгүн сезчү, туйчу. Ал керек болсо өзү жөнүндө ушак-айың таратып жүргөн, ичи тар, көрө албаган калемдештерине да адамча мамиле кылчу. Катуу чындыкты айтсам кечирип кой, Алимжан. Алар Айтматовду көргөндө  жолборсту көргөн иттей болушуп, куйруктарын шыйпаңдатып калышчу эле. Ал баарын ички сезимден билип турчу. Бирок, бирөө жөнүндө бир жолу да жаман сөз айтчу эмес. Өтө кечиримдүү болчу…

1999-жылы Парижде ЮНЕСКОнун чечими менен 70 жылдыгы өтүп калды. Телефильмден деле көрсөң керек, экөөбүз Эйфел мунарасынан бери келе жатып, бир маселе боюнча эки ача пикирде болуп калдык. Анан эки-үч мүнөт турдук, эки жакка басып кеттик. Анда мен кайдан билейин, оператор жашыруун тартып жатканын. Азыр көрсөм, ошол кадр көп маани билдирет экен.

         – Айтматовтаануу жаатындагы акыркы жетишкендиктерге орун берсек. Кандай кызыктуу эмгектер, кайсыл жаңы ысымдар пайда болду?

         – Айтматовтаануу илимнде ар тармактарда көп эле эмгектер жазылып жатат. Адабиятта да жакында эки-үч кандидаттык диссертация жакталды, алсак, Р. Сырдыбаева, М. Текешова, А. Качкынбай кызы, жаңы байкоолор, пикирлер бар. Айтматов жазылып бүттү, дагы эмнесин жазышат деген чолок түшүнүктөр да айтылып калат. Бул туура эмес! Илимдин чеги жок! Албетте, кайталоого жол бербеш керек!

         – Эгер Сиз мектеп мугалими болсоңуз, ааламдашуу доорунун жаштарына Айтматов сабагын кантип өтмөксүз?

         – Мен мектептерде жана жогорку окуу жайларында бир топ эле сабактарды өттүм. Ар биринде өзүнчө тема койдум. Андан бери чынында отуз жылдай убакыт өтүп кетиптир, бүгүнкү жаштар таптакыр башкача. Ааламдашуу доорундагы жаштар азыр технологиянын жардамы менен көп маалыматтарды билет. Бирок, алардын көбү азыр китеп окубай калышты. Айтматовду баары эле окушканына күмөнүм бар. А китептин өзүн окумайынча, өзү окурман кабыл алмайынча түшүнүү кыйын. Биз, мугалимдер окуучуларга багыт гана беребиз, түшүнбөгөндөрүн түшүндүрүүгө аракет кылабыз. Сабакты өтүүдө жаш өзгөчөлүгүн билип алуу керек. Эгерде мен азыр сабак өтсөм – «Саманчынын жолун» тандап алмакмын да, адамзат баласына алып келе турган азап-тозок согушту болтурбай коюунун жолун айтмакмын. Аны «Кассандра тамгасындагы» эмбрион менен байланыштырып, адептүү, билимдүү, коомго керектүү жаштар болушу тууралуу акыл-насаатка токтолмокмун.

Алдыдагы мааракеге даярдыгыңыз жакшыдыр… Айтматов ааламына арналган китептерден жаңысын жаза алдыңызбы?

         – Маараке Өкмөттүн программасы боюнча жүрүп жатат, мен жана жамаат активдүү катышууда. Мына, бүгүн сени менен маектешип жаткан мезгилде жаңы бир көлөмдүү макала бүтүрдүм. Убакыт жетишпейт. «Айтматов энциклопедиясын» жазуу — чыгармачылык максатымдын орундалышы менен толкунданып жүрөм.

 

Маектешкен: А.Алибеков, АКСЕЛСтин “Жамааттар байланышы” программасынын бүтүрүүчүсү( АКШ, Түндүк Каролина, 2010)

Бөлүшүү

Комментарийлер