АЙТМАТОВДУ МЫКТЫ БИЛГЕН ОКУУЧУЛАР СЫЙЛАНАТ

  • 30.05.2019
  • 0

АЙТМАТОВДУ МЫКТЫ БИЛГЕН ОКУУЧУЛАР СЫЙЛАНАТ

Эл Өкүлү Нурбаевдин демилгеси менен уюшулган өспүрүмдөр конкурсунун жыйынтыгы жөнүндө

«РухЭш» сайты жарыялаган «Айтматовдун мен окуган чыгармасы» деген темадагы республикалык мектеп окуучулары арасында өткөрүлгөн дилбаян жазуу боюнча чыгармачылык конкурстун жеңүүчүлөрү аныкталып, алардын аты-жөндөрү “Маданият, тарых жана тил” телеканалы аркылуу 28-май күнү саат 20-00дө түз эфирде жарыяланды.

Конкурстун жеңүүчүлөрү:

1-орун (8000 сом). Аксы району, №32 О. Көчкөнов ат. орто мектеп, 8-класс, Жыргалбаева Айдай

2-орун (7000 сом). Алай району, К. Султанов ат. орто мектеп, 11-класс, Жумабек кызы Перизат

3-орун (6000 сом). Нарын району, Ж.Иманалиев ат. орто мектеп, 10-класс, Жолдошбек уулу Бектур

4-орун (5000 сом). Баткен шаары, Кызыл-Жол орто мектеп, 8-“А” класс, Бакытбек уулу Кутманбек

5-орун (4000 сом). Балыкчы шаары, №4 гимназия-мектеп, 11-“Б” класс, Алтынбекова Бегайым

6-орун (3000 сом). Жусупова Риза (дареги жазылбай калган экен, 0770355507 номуруна чалуусун өтүнөбүз)

6-орун (3000 сом). Бишкек шаары, А. Молдокулов ат. №5 УКГ, 11-класс, Асакеев Элхан

6-орун (3000 сом). Балыкчы шаары, № 4 гимназия-мектеп, 8- “А” класс, Карагулов Акылбек

7-орун (2000 сом). №4 гимназия-мектеп, 8-“А” класс, Райымбек кызы Мээрим (дареги толук жазылбай калган экен, 0770355507 номуруна чалуусун өтүнөбүз)

8-орун (1000 сом). Балыкчы шаары, №4 гимназия-мектеп, 10-«А» класс, Мирлан уулу Сыймык

8-орун (1000 сом). Алай району, № 35 Сатар Карыев ат. орто мектеп, 8-класс, Кадырбаева Нураида.

Байгелерди тапшыруу аземи 17-июнь, саат 12-00дө Бишкек шаарынын «Шанс» китеп дүкөнүндө өткөрүлөт (Манас проспекти, 61)

Жеңүүчү деп табылган ар бир окуучу акчалай сыйлык менен бирге Роза Айтматованын «Тарыхтын актай барактары» жана «Кылычсыз Самурай» аттуу китептер менен сыйланат!

Калыстар курамынын өкүлдөрү:

Жалалидин ЖЭЭНБАЙ, Бириккен Араб Эмирлигинин биринчи президенти Зайд ибн Султан ал-Нахайяна атындагы университеттин доценти.

Абдыкерим МУРАТОВ, жазуучу, публицист, педагогика илимдеринин доктору, профессор, адабиятчы. И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика кафедрасынын профессору.

Дүйшөн ШАМАТОВ, Билим берүү илиминин доктору, Казакстандын Астана шаары, Назарбаев университетинин мугалими.

Жетиген АСАНБЕК, «РухЭш» сайтынын шеф-редактору, котормочу жана мугалим.

Бөлүшүү

Комментарийлер