АЙТМАТОВ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ

  • 10.12.2019
  • 0

Таланттуу жазуучу, улуу ойчул, гуманист, мамлекеттик жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун   туулган күнүнө карата “АЙТМАТОВ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ: УЛУУ ИНСАН ЖАНА КООМДУК ИШМЕР” аттуу эскерүү кечеси 12-декабрда саат 14.00до  Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында (2-кабат, кичи зал) өтөт.

АЙТМАТОВ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ

Иш-чара Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси жана жетекчилиги менен уюштурулууда.  Анда жазуучунун замандаштары, окурмандары, ошол мезгилдерде тике жана кыйыр болсо да ар кандай мамлекеттик, эл аралык долбоорлордо, иш-чараларда жакындан баарлашып, пикир алышып, иштешип калган мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, жалпы эле чыгармачылыгына таазим кылган замандаштары  эскеришип, ой-бөлүшүшөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер