АИДА РЫСПАЕВА БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

  • 26.05.2023
  • 0

Аида Рыспаева бүгүн Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы жамаатына тааныштырылды.

“Аида Жолочиевна менен “Акселераторлор” долбоорунда жакындан тааныштык. Ал ЖОЖдордо окутуучу болуп иштеген, социалдык чөйрөнү абдан жакшы билет, уюштуруучулук жөндөмү жетиштүү. Министрликтин эң эле солгун болгон бөлүгү мектепке чейинки билим берүү болуп жатат, чукул арада бала бакчалардын ахыбалын өзгөртүшүбүз керек. Аида Жолчиевнаны бул жаатта мыкты иштеп берет деп ишенебиз, ийгилик каалайбыз!”, —  деди К.Иманалиев жаңы орун басарын жамаатка тааныштырып жатып.

АИДА РЫСПАЕВА БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер