AIBO 2026: КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖАШ БИОЛОГДОР ӨЗБЕКСТАНДАН РЕКОРДДУК 8 МЕДАЛЬ МЕНЕН КАЙТЫШТЫ!

  • 14.05.2026
  • 0

Наманган шаарында өткөн Авиценна атындагы эл аралык биология олимпиадасында (AIBO) кыргызстандык окуучулар өздөрүнүн билим деңгээлин далилдеп, татыктуу ийгиликке жетишти. Дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн келген эң мыкты делген окуучулардын арасында биздин курама команда 1 алтын, 5 күмүш жана 2 коло медалга ээ болуп, жалпы 8 сыйлыкты канжыгага байлашты.AIBO 2026: КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖАШ БИОЛОГДОР ӨЗБЕКСТАНДАН РЕКОРДДУК 8 МЕДАЛЬ МЕНЕН КАЙТЫШТЫ!

Жеңүүчүлөрүбүз менен таанышыңыз:

Таймаштын эң жогорку тепкичине көтөрүлүп, алтын медалды «Сейтек СТЕМ» мектебинин 11-классынын окуучусу Дмитрий Рубан багындырды.

Күмүш байгенин ээлери:

  • Улукбек Русланбеков («Сейтек СТЕМ», 10-класс);
  • Атахан Исираев («Кут Билим» комплекси, Ысык-Көл, 11-класс);
  • Эржан Асанов (Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи, 11-класс);
  • Байхан Байсулдаев (№61 автордук мектеп-лицейи, 10-класс).

Коло медалдын ээлери:

  • Анатай Нурланов (№61 автордук мектеп-лицейи, 10-класс);
  • Умар Эргешов («Курманбек Баатыр» атындагы Жалал-Абад лицейи, 10-класс).

Бул жеңиштин артында окуучулардын талыкпаган эмгеги гана эмес, аларды олимпиадага кылдаттык менен даярдаган машыктыруучулар Асхатбек Темиркулов, Нурсултан Увалиев жана Арсений Виноградовдун чоң салымы бар.

КЫСКАЧА МААЛЫМАТ: Авиценна олимпиадасы 20-27-апрель күндөрү өтүп, биология илимине кызыккан жаштардын башын бириктирди. Кыргызстандын бул жолку көрсөткүчү — интеллектуалдык таймаштардагы кезектеги чоң жетишкендик!

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер