АГЫМДАН АРТТА КАЛБАЙЛЫК

  • 01.04.2020
  • 1

Бүгүн Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жогорку окуу жайлардын ректорлору менен онлайн конференция өтүп, аларды дистанттык окутуунун шарттарын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

АГЫМДАН АРТТА КАЛБАЙЛЫК

Учурда ар бир окуу жай, ар бир окутуучу өзүнүн күчүнүн жетишинче студенттерди аралыктан окутууга аракет кылып жатышат. Алардын арасында өзүм дагы бармын. Мен И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинде 14 жылдан бери журналистика кафедрасында студенттерге сабак берип келем.  Учурда кырдаалга байланыштуу онлайн сабак өтүүнүн түрдүү жолдорун өздөштүрүүгө аракет кылып, студенттер менен AVN,  ZOOM, WhatsApр, мессенджер аркылуу байланышып, сабактардын түрдүү жолдорун практикалап жатабыз.

АГЫМДАН АРТТА КАЛБАЙЛЫК

AVNге лекциялар, практикалык сабактар, студенттер өз алдынча иштей турган иштердин темалары жүктөлүп, учурда экинчи семестрдин 1-модулун коюп жатабыз. Студенттердин билими алардын  каникулга тараганга чейинки сабакка катышуусу, практикалык сабактарда аткарган иштери жана аралыктан окутуу киргизилгенден кийинки AVN аркылуу берилген тапшырмалардын аткарылышынын негизинде бааланууда.

АГЫМДАН АРТТА КАЛБАЙЛЫК

Ар бир группа менен WhatsApрта өз алдынча группалар түзүлүп, студенттердин баардыгы менен баланыш жүргүзүлүп, айрым тапшырмалар жана талкуулар ушул канал аркылуу жүрүүдө.

Сабактар болсо университеттин окуу бөлүмү тарабынан түзүлгөн жүгүртмө аркылуу өтүлүп жатат. Учурда 3-курстун студенттери менен ZOOM аркылуу сабак өтүү үчүн даярдыктарды көрүп жатабыз. Жүгүртмө боюнча жума күнү сабак өтүлүшү керек. Студенттер дагы активдүүлүгүн көрсөтүп, телефондору, компьютер, ноутбуктары менен байланышка чыгып жатышат.

Тилекке каршы, мүмкүнчүлүгү жок студенттер дагы бар. Алар менен WhatsApр аркылуу байланышып, тапшырмалар, лекциялар берилип жатат.

Кураторлук кылган группа жана алардын ата-энелери менен үзгүлтүксүз байланышып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Билим берүү жана илим министри К.Исаков айткандай, азыр чынында жеке  окуу жайлардын гана  эмес, ар бир окутуучунун, мугалимдин деңгээли сынала турган мезгил келди. Ар бирибиз агымдан артта калбоонун аракетин көрүп,  изденип жаткан мезгилибиз. Ачыгын айтканда, буга чейинки аралыктан окутуу боюнча алган тажрыйбам жетиштүү эмес экен. Ар кимден сураштырып, Интернетке кайра-кайра кирип жатып өздөштүрүп жатам. Менимче, мындай абалга азыр көп окутуучулар  кабылды.  Айрым окуу жайлардын дагы тажрыйбасы анчейин эмес.   Андыктан баардыгыбыз жабыла иш көтөрүп, бири-бирибизге жардам берип, билгенибизди билбегендерге үйрөтүп, билбесек уялбай эле сурап, үйрөнүп алууга аракет кылалык.

 

Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим» 

Бөлүшүү

Комментарийлер

Шарапат Искендерова / 02.04.2020 20:17
И.Арабаев атындагы КМУнун жетекчилиги менен окутуучулар курамы учурдагы кырдаалда окуу процессин алып баруунун үстүндө тынымсыз изденип иштеп жатышат. Алардын арасында кесиптешибиз Чолпон Кийизбаеванын ишине ийгилик каалайбыз.