АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ РЕКТОР ШАЙЛАНДЫ

  • 09.03.2021
  • 0

Кыргыз улуттук агрардык университетине Рысбек Нургазиев кайрадан ректор болуп шайланды.  

Окуу жайда ректор шайлоо 6-мартта өтүп, жалпы 442 окутуучу добуш берди. Добуш берүү укугуна ээ болгон окутуучулардын 84%  окуу жайды буга чейин жетектеп келген Рыспек Нургазиевге беришти.  Экинчи орунга 61 кызматкердин добушун алган Ж.Шаршенбиев чыкты. К.Тургунбаевге  жети, А.Барпиевге бир добуш салынды.
Көпчүлүктүн добушу менен жеңишке жетишкен  КР УИАнын корр.-мүчөсү, ветеринария илимдеринин доктору, профессор Нургазиев Рысбек буга чейин университетти жетектеп келген. Ал жетектеген учурда окуу жайдын материалдык-техникалык базасы чыңдалып, лабораториялар ачылып, окутуучулардын эмгек акысы жогорулап, көптөгөн ийгиликтерге жетишти.

“Кут Билим” гезитинин эмгек жамааты Рысбек Зарылдыковичти жеңиши менен куттуктап, окуу жайды дүйнөдөгү алдыңкы агрардык окуу жайлардын бирине айландырышына тилектештигин билдирет.

Бөлүшүү

Комментарийлер