АГРАРДЫК БИЛИМДИН ФЛАГМАНЫ

  • 09.06.2023
  • 0

АГРАРДЫК БИЛИМДИН ФЛАГМАНЫ

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдой баатыр инсандар окуган К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети өзүнүн 90 жылдыгын белгиледи. Даңктуу жолу, бай тарыхы бар бул окуу жайы билим берүүдөгү зор жетишкендиги үчүн «Даңк» ордени менен сыйланды.

Салтанатта Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун атынан КР  Мамлекеттик катчысы С.Касмамбетов куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине республиканын айыл чарбасы жана башка тармактары үчүн жогорку квалификациялуу жана илимий кадрларды даярдоодогу кызматы үчүн мамлекеттик жогорку сыйлыкты -«Даңк» орденин тапшырды.

Аталган окуу жайдын юбилейлик салтанаттуу иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган бир катар депутаттар, коомдук ишмерлер, окумуштуулар катышты.

Кыргыз улуттук агрардык университетинде азыркы тапта 7 миңден ашуун студент 31 кафедрада, төрт колледжде 19 бакалаврдык, 17 магистрдик багыттарда билим алууда. Профессордук-окутуучулук курамы 300 адамды камтыйт. Анын ичинде илимдин 34 доктору, 106 кандидаты эмгектенет. Учурда университет – заманбап илим-билим мейкиндигинде өз ордун тапкан жогорку окуу жайлардын бири. Аземде сөз сүйлөгөн Төрага Нурланбек Шакиев аталган университет кылымга тете тарыхында өсүп-өнүгүүнүн татаал, бирок даңктуу, жаратмандык жолун басып өткөнүн белгиледи. Төрага өлкөнүн өнүгүшүнө зор салымын кошуп келе жаткан окуу жайга “Даңк” орденинин ыйгарылышы жигердүү жана натыйжалуу эмгектенүүгө түрткү берерин да кошумчалады. Салтанатта Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдыңкы окутуучуларына Жогорку Кеңештин
Ардак грамоталары да тапшырылды.

М.ТОКТОРОВ, «Кут Билим»

АГРАРДЫК БИЛИМДИН ФЛАГМАНЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер