АГАРТУУЧУНУН ЭМГЕГИН БААЛАГАН ДООР КЕЛДИ!
- 18.06.2025
- 0
Мындай маанидеги пикирин Агартуу министри Д. Кендирбаева фейзбуктагы баракчасына жазып, мугалим журтуна айлык маяналары жаңы окуу жылынын башталышы менен жогоруларын сүйүнчүлөп жарыя айтты.
Министрдин бул жагымдуу кабары мугалимдерди чоң кубанычка бөлөдү. Агартуучулар КР Президенти С.Жапаровго жана Министрлер кабинетинин жетекчиси А.Касымалиевге, Агартуу министри Д.Кендирбаевага өз убагында кабыл алынган мындай чечим үчүн ыраазычылыктарын аянбай айтып, жазып жатышат.
Ооба, мугалимдик оор кесип, кийинки мезгилдеги 12 жылдык билим берүүнүн киргизилиши, жалпы тармактын трансфомацияланышы менен алардын түйшүгү да, талабы да эки эселеп жогорулады. Бул туурасында коомчулук да өз пикирлерин билдирип, айлык туурасында үн ката калып жүрүшкөн. Акыйкатта жоопкерчилик да, талап да жогорулаган соң, ошого жараша маяналар да жогорулашы керек деген пикирлерге бул эң жакшы жооп болду деп ойлойбуз. Министрдин айтымында райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, областтык мугалимдерди өнүктүрүү борборлорун автотранспорт менен камсыз кылуу маселеси да чукул арада чечилмекчи.
-Эми агартуучунун баркы жогорулап, орун талашкандар көбөйүп, биз келечек муундарга мыкты билим тартуулоо кудуретине ээ болобуз. Билим уясына кокустан адашып келгендер иштебеши керек! -деп жазды министр. Андан ары министр айлык маяналар келээрки окуу жылда эки этап менен көтөрүлөрүн, бирнчи этабы-2026-жылдын апрель айында, экинчи этабы-2026-жылдын октябрь айына туура келерин билдирди. Министр Президентибиздин бул масштабдуу колдоосу мугалимдердин чыгармачылык ишмердүүлүгүн жогорулатууга дем берерин, мектептерге мыкты агартуучулардын келишине жол ачаарын, иштегиси келгендер эмитен шашылбаса, орун жок калышын эскерте да кетти. Акыйкат сөз. Мыкты кесипкөй адам өз баасын билет жана эң жакшы төлөнгөн маянага гана жан отун берип иштейт эмеспи. Мындай мамлекеттик колдоо министр айткандай мектептерибизге татыктуу мугалимдердин кайтып келишине жол ачат деп ишенебиз.
М.ТОКТОРОВ,
“Кут Билим”
Комментарийлер