АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ АСТАНАДАГЫ РЕГИОНАЛДЫК САММИТТЕ КЛИМАТТЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА ДЕМИЛГЕЛЕРДИ ТААНЫШТЫРДЫ
- 24.04.2026
- 0
2026-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин өкүлдөрү Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин (РЭС-2026) алкагындагы тегерек столго катышты.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн тармактык министрликтеринин жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышышты.
Балдар, жаштар жана климат маселелерине арналган жогорку деңгээлдеги талкууда климаттын өзгөрүшү шартында туруктуу билим берүү системаларын өнүктүрүүгө багытталган «Жашыл мектептер» аттуу регионалдык платформа сунушталды.
Лира Самыкбаева өз сөзүндө бүгүнкү климаттык чакырыктар билим берүү тармагын жаңылоону талап кыларын белгиледи. Анын айтымында, жаңы шартта туруктуу өнүгүүнүн баалуулуктарын жайылтуу, окуучуларга турмуштук жана практикалык көндүмдөрдү берүү негизги милдеттердин бири болуп саналат.
Ал Кыргызстанда бул багыттагы иштер «Алтын Казык» билим берүү реформасынын алкагында жүргүзүлүп жатканын айтты. Аталган реформа 12 жылдык окутуу моделине өтүүнү жана компетенттүүлүккө негизделген окутуу ыкмаларын киргизүүнү камтыйт.
Жолугушууда климатка туруктуу инфраструктура маселесине да өзгөчө көңүл бурулду. Жаңыртылган улуттук деңгээлде аныкталган салымга (ОНУВ 3.0) ылайык, Кыргызстан 1400дөн кем эмес социалдык инфраструктура объектин, анын ичинде мектептер менен бала бакчаларды модернизациялоону пландап жатат.
Бул демилге 1,8 миллион бала жана жаштар үчүн коопсуз, заманбап жана экологиялык жактан таза билим берүү чөйрөсүн түзүүгө шарт түзөт.
Регионалдык экологиялык саммит климаттык чакырыктарга практикалык чечимдерди табууга жана Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара кызматташтыгын чыңдоого багытталган.
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”








Комментарийлер