АГАРТУУ МИНИСТРИ Д.КЕНДИРБАЕВА: «БАРДЫК ШАРТТАР ТҮЗҮЛҮП ЖАТАТ, ЭМИ АР БИР БАЛАНЫН КЕЛЕЧЕГИ ҮЧҮН ИШТЕЙЛИ!»

  • 21.08.2026

Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Д.Кендирбаева Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунда “Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим – өнүккөн өлкө” Улуттук педагогикалык форумунда журналисттердин суроолоруна жооп берди:

Бүгүнкү күндө биз Президенттин демилгесин колдоп, дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине айкалышуу үчүн жаңы билим берүү системасына өттүк. Бул багытта Министрлер Кабинети бекиткен программанын 85%ын ишке ашырдык. Эң оору — мамлекеттик билим берүү стандартын, предметтик стандарттарды жана программаларды даярдоо. Мына, көп жылдар бою күткөн ушул маселени биз чечип алдык. Андан соң дүйнөлүк деңгээлдеги эң мыкты тажрыйбаларды алып, физика, математика, табигый илимдер жана англис тили багытындагы мектептер бүтүндөй жаңы программага өттү. Былтыр 4-класстар өткөн болсо, быйыл дагы төрт класс өтүп жатат.

Эгерде 2017-жылдан 2024-жылга чейин 3 миллион китеп басылып чыкса, биз бир жылдын ичинде эле 4,5 (төрт жарым) миллион китеп чыгардык. Быйыл дагы 644 миллион сомдук китеп чыгарылып жатат, андан тышкары дагы 600 миллион сомдон ашык кошумча каржылоо келип түштү. Акча бөлүндү, биз ошону менен китеп маселесин чечип жатабыз. Ал эми ата мекендик мазмундагы кыргыз тили, кыргыз адабияты, география жана тарых китептерин эң мыкты автордук топ азыркы күндө иштеп чыгууда. Эки жылдын ичинде биз китептерди толугу менен даярдап бүтөбүз.

Эң оор маселе — мына бүгүн август кеңешмесинде да айтылат — деги эле билим берүү системасы өтө көп нерседен көз каранды. Биз ата-эненин маданиятына көз карандыбыз. Ата-эненин балага жасаган мамилесине, баалуулуктарына көз карандыбыз. Эң негизгиси — биз мугалимдерге көз карандыбыз. Мугалимдердин кесипкөйлүгү, билим-билгичтиги жана балага кылган мамилеси кандай деңгээлде болсо, биздин ийгилигибиз ошого жараша болот. Көрсө, каржы маселеси тез эле чечилет экен. Мына, эки жылдан бери Президенттин демилгеси менен каржылоо маселеси 100% чечилди. Өмүрү берилбеген автомашиналарды билим берүү мекемелеринин жетекчилери алып жатышат. Китепке миллиарддаган сомдор бөлүнүүдө, мектептерге миллиарддаган сомдор салынып жатат.

Бирок эң көйгөйлүү нерсе — мугалимдин компетенттүүлүгү жана жоопкерчилиги. Биз балдарга багытталган туура мамилени камсыз кылуунун үстүндө иштеп жатабыз. Мисалы, мындан бир кылым мурун, 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу негизделсе, 100 жылдан кийин биз дүйнөлүк деңгээлдеги билим берүү системасын куруп жатабыз. Ошондуктан биз мугалимдерге чакырык жасагыбыз келет: бардык шарттар түзүлүп жатат. Ноутбуктар берилип, жаңы окуу китептери басылып, айлыктар көтөрүлүп, жаңы социалдык шарттар жаралууда. Мүмкүнчүлүккө жараша мугалимдерге ипотека берилип жатат. Ошондуктан мугалимдерге кайрылат элем: биз жан дилибиз менен, балдарга берилип иштейли!

Экинчиден, ата-энелерге кайрылат элем. Балдарды шыктандырып, колдоо көрсөтөлү. Анткени ал жерде миңдеген мугалимдер, бүтүндөй Өкмөт, бүт мамлекет, бүт Кыргызстан ар бир баланын келечектеги ийгилиги үчүн иштеп жатат.

Ошондуктан, сиз айткан маселе — эң оор маселе. Жүз жылда калыптанган аң-сезимди беш мүнөттө өзгөртүү мүмкүн эмес. Өткөн замандан бери калыптанып калган көндүмдөрдү бир заматта эле өзгөртүү өтө кыйын. Эгерде былтыр 80 миң мугалимди кайра даярдасак, быйыл жаңы программага өтүп жаткан класстардын 29 миң мугалимин кайра даярдадык. Тынымсыз иштеп жатабыз.

Биринчи жолу Президенттин демилгеси менен «мугалимдердин мугалими» болгон методисттердин атайын туруктуу системасы түзүлдү. 27 мугалимдерди өнүктүрүү борбору жана ошондой эле ар бир институтта мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу бөлүмдөрү иштей баштайт. Алардын айлыктары катардагы мугалимдикинен жогору болот, биз сөзсүз түрдө мунун натыйжасын көрүшүбүз керек.

Көп мугалимдер «биздин айлык өтө аз» деп сындап келишти. Бирок азыр биздин мугалимдердин айлыгы кээ бир Европа же Азия өлкөлөрүнө салыштырмалуу дурус деңгээлге чыкты. Чыныгы мугалимдердин эмгегин баалап, Президентибиз белгилегендей, азыр жөнөкөй мугалимдердин айлыгы министрлерден, акимдерден, министрликтеги кызматкерлерден кем эмес. Бүгүн мектепке жумушка орношууну сурангандар өтө көп. Мурда иштебей кеткендер кайрадан мектепке келип жатышат.

Дагы бир чоң ийгилигибиз — мугалимдердин ишин жеңилдетүү үчүн санариптик технологияларды киргиздик. Бул антикоррупциялык, антибюрократиялык кадам болду. Эң жеткиликтүү технологиялардын жардамы менен балдар билим алып жатышат. Ата-эне үйдө отуруп эле, өзүнүн жеке кабинети аркылуу баласын бала бакчага кезекке коё алат, ошондой эле аттестаттардын баары санариптештирилди.

Биринчи жолу инклюзивдик билим берүү алкагында төрт категориядагы балдар үчүн шарттарды уюштурдук. 2000ден ашык бала кабыл алынды. Кыскача айтканда: ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, миграцияда жүргөн балдар, узак мөөнөткө спорттук иш-чараларга катышып жаткан балдар жана ар кандай турмуштук кырдаалдардан улам билим алуудан өксүп калган балдар үчүн атайын дистанттык окутууну уюштуруп жатабыз. Эң таң калычтуусу, Австралиядан, Түркиядан, Россиядан баштап биздин окуучулар окуп жатышат.

Реформа жүргүзүүнүн экинчи жылына кайтып келсек: мазмундук жактан жаңы китептер чыгуусу уланып жатат, ал китептерди көрсөңөр болот. Экинчиден, мугалимдерди толугу менен кайра даярдоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Быйылкы жылдын өзгөчөлүгү — мугалимдер жана балдар үчүн жумушчу дептерлердин баары бекер чыгып жатат. Алар ар бир предметке кошумча берилет. Анан дагы быйылкы жылдан күткөнүбүз: эң мыкты мугалимдер иштеши керек, аларга толук шарттарды түзүп беребиз.

Бүгүнкү форумду алдыга улай айтсак, негизинен жер-жерлердин баарында жыйындар өтүп келди. Ошол жерде өзөктүү тематикалык суроолорду талкууладык. Техникалык окуу жайлардагы, бала бакчалардагы көйгөйлөр, окуу китептери жана окутуу боюнча талкуулар жүрөт. Башкача айтканда, биз айтылган ар бир сунуштун чечүү жолдорун издейбиз, жаркын ийгиликтер менен бөлүшөбүз.

Бүгүн форумга жети дубандан тең мугалимдер келишти. Методисттер, мугалимдер, директорлор, ошондой эле билим берүү системасынын бардык кызматкерлери келип отурушат. Жыйынга айрым министрлер да катышууда, анткени биз быйылкы жылдын жаңылыгы катары профилдик (адистештирилген) мектептерге багыт алдык.

Мына, сиздер көрүп жатасыздар, окуучулар жогорку окуу жайына тапшырарда орто мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестаттын жана Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) баасы менен тапшырышат. Бирок окууну таштап кеткендер да өтө көп. Же диплому жок, же кесиби жок, орто жолдо калган учурлар кездешет. Эми биз 7-класстан баштап эле кесипке багыттоону баштайбыз. Биринчи иретте биз химия-биология багытындагы класстарды ачып жатабыз. Анткени бул келечекте медициналык кызматкерлерди даярдоодогу чоң көйгөйлөрдү чечүүгө өбөлгө түзөт. Ушул багытта чоң иштерди ойлонуштуруп жатабыз.

 

Бөлүшүү