АЭУда II РЕСПУБЛИКАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ
- 25.04.2025
- 0
2025-жылдын 24-апрелинде “Ала-Тоо” Эл аралык университетинде (АЭУ) “Заманбап коомдо улуттук баалуулуктарды жана маданиятты өнүктүрүүдө жаштардын ролу” аталышындагы II Республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Иш-чара КРнын Билим берүү жана илим министрлиги жана КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте жаштардын эл аралык тилектештик күнүнө карата уюштурулду.
“Конференциянын максаттары – улуттук маданиятты, баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү, жаштарды интеллектуалдык жана адеп-ахлактык жактан тарбиялоо, заманбап технологиялардын билим берүү тармагына тийгизген таасирин талкуулоо, ошондой эле жаштар уюмдарын колдоо жана тажрыйба алмашуу болуп эсептелет”, — деп белгиледи АЭУнун илимий иштери боюнча проректору, п.и.д., профессор Салидин Калдыбаев.
Пленардык жыйында АЭУнун ректору, э.и.к. Эсеналиева Назира Солтонбековна куттуктоо сөзүн сүйлөдү. КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин атынан илим жана инновациялар башкармалыгынын башчысы Токтошев Гулжигит Ысакович маалыматтык маданиятты калыптандыруунун динамикасы жана бул процесстеги Кыргызстандын ролу тууралуу баяндама жасады. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тагаев Марат Төлөмүшович улуттук маданий салттарды сактоо жана бекемдөө маанилүү экенин белгилеп өттү. Иш-чарада КРнын Мамлекеттик катчысы Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович сөз сүйлөп, кыргыз элинин жаңы идеологиялык доктринасы, салттардын ролу жана тил мурасын сактоонун мааниси тууралуу кенен ой бөлүштү:
“Конференция улуттук баалуулуктарды жайылтуу жана өнүгүүсүн талкуулоого арналган. КРнын Өкмөтүнүн өкүлдөрү, коомчулук жана студенттер менен болгон диалогдо руханий жана маданий тамырларыбызга болгон берилгендикти камтыган “Уңгу жол” Улуттук Идеологиялык Доктринасынын негизги принциптери айтылды.
Биз эч качан өз баалуулуктарыбызды, салттарыбызды жана адаттарыбызды эч качан унутпай, аларды сактап, өнүктүрүп, коомго жардам берип, убакыттын чакырыктарына даяр болушубуз керек. Мындай иш-чаралардын өтө чоң мааниси бар: алар улуттук биримдиктин идеяларын жаштарга жеткирүүгө жана патриоттук аң-сезимди калыптандырууга жардам берет. Мындай демилгелер улантыларына жана конференция өз максаттарына жетет деп ишенем.”
Мындан тышкары, кинорежиссёр Максат Жумаев заманбап кинонун күчтүү идеологиялык жана билим берүүчү потенциалы, ошондой эле улуттук кинематографка тийиштүү чакырыктар жөнүндө сөз кылды.
Конференцияга студенттер төмөнкү секциялар боюнча катышышты:
- Глобалдашуу жана улуттук баалуулуктар
- Заманбап жаштардын жарандык-укуктук аң-сезими
- Жаштарды калыптандырууда заманбап педагогиканын ролу
- Жаштардын руханий-адептик калыптанышына адабияттын тийгизген таасири
- Азыркы жаштардын психологиялык портрети
- Санариптештирүү шарттарында ЖМК жана массалык коммуникациялар
- Санариптик чечимдер жана кызмат көрсөтүүлөр
- Жаштардын тил мурасын сактоодогу орду
- Социалдык ишкердик жана жаштардын каржылык сабаттуулугу
- Саламат жашоо образын жайылтуу
Секциялык жыйындарда студенттер илимий докладдарды, социалдык видеороликтерди жана постердик презентацияларды сунушташты. Иш-чарага Кыргызстандагы 13 ЖОЖдун өкүлдөрү катышып, 100дөн ашык материалдар келип түштү. Ар бир секциянын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Конференциянын материалдарынын жыйнагын басып чыгаруу пландаштырылууда.
Конференция экинчи жолу өткөрүлүп, мындар ары Кыргызстандын жаштар коомчулугун бириктирген, жыл сайын өтүүчү маанилүү иш-чаралардын катарында болмокчу.
Комментарийлер