АБИТУРИЕНТТЕРДИ ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТКЕ КАТТОО БАШТАЛДЫ
- 05.02.2025
- 0
Жалпы республикалык тестке каттоо ББОУБдун сайтында 3-февралдан 4-апрелге чейин жүргүзүлөт.
Тестке каттоо мектепте окуган абитуриенттер үчүн алар окуган жайларда уюштурулуп, мурдагы жылдардын бүтүрүчүлөрү шаардык/райондук билим берүү бөлүмүнөн катталышат.
Каттоодон өтүү үчүн керектелүүчү документтер:
• паспорт (же паспорт ала элек болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүк);
• орто билим жөнүндөгү аттестат (мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн);
• ЖРТга каттоо акысын төлөгөндүгүн тастыктаган дүмүрчөк (квитанция);
• талаптарга ылайык келген электрондук фотосүрөт.
ЖРТга онлайн каттоо боюнча бардык нускамалар Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтында жеткиликтүү жана ар бир билим берүү мекемесине жөнөтүлөт.
ЖОЖдордун гранттык орундарына жана контракттык негиздеги бардык окутуу формаларына (күндүзгү, дистанттык жана кечки) тапшыруу үчүн ЖРТнын негизги тести милдеттүү болуп саналат. Медициналык жана фармацевтикалык адистиктерге тапшырган абитуриенттер милдеттүү түрдө предметтик тесттерди тапшырышы керек. Абитуриенттерге химия, биология, физика, математика, тарых, англис тили, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты боюнча предметтик тесттер сунушталат.
Каттоо акысы ар бир абитуриент үчүн негизги тестке жана ар бир предметтик тестке 470 сомду, 2024-жылы киргизилген мамлекеттик тил боюнча милдеттүү тест үчүн 200 сомду түзөт.
Тест болжол менен 2025-жылдын 15-майынан 21-майына чейин өткөрүлөт.
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору ЖРТга даярдануу үчүн www.testing.kg сайтындагы компьютердик жана бланк түрүндөгү сынамык тесттерди, акысыз китепчелерди, ошондой эле www.testing.kg сайтындагы жана YouTube каналындагы ЖРТга даярдануу боюнча видеосабактарды сунуштайт.
ЖРТга онлайн каттоо боюнча суроолор пайда болсо, төмөнкү телефон номерлерине кайрылсаңар болот: (0312) 66-48-38, (0500) 66-48-38 , (0550) 66-48-38, (0222) 66-48-38.
Айдана Маматбердиева,
«Кут Билим»
Комментарийлер