АБИТУРИЕНТ, ИНДИЯДАН БИЛИМ АЛГЫҢ КЕЛЕБИ? АНДА ШАШЫЛ!

  • 09.12.2019
  • 0

Индиянын маданият мамилелер кеңеши 2020-2021-окуу жылына карата магистратура, аспирантура жана докторантура программалары боюнча билим алуу үчүн Кыргызстандын жарандарына алты стипендиялык орун бөлдү. 

Билим берүү жана илим министрлиги аталган бюджеттик орундарга сынак башталганын кабарлайт.

Индиянын жогорку окуу жайларынын тизмеси, тандоо критерийлери жана билдирмени толтуруу боюнча түшүндүрмөнү Индиянын маданият мамилелер кеңешинин сайтынан караса болот. http://a2ascholarships.iccr.gov.in/

Талапкерлер керектүү сертификат менен документтерди онлайн билдирме түрүндө толтурууга тийиш.

Ошондой эле арыз, билдирме жана башка тиешелүү документтердин көчүрмөлөрү 2020-жылдын 15-январына чейин Индиянын Кыргызстандагы элчилигине жеткирилүүгө тийиш. Дареги: Бишкек шаары, Махатма Ганди көчөсү 100-А. Байланыш номерлери: 0312 97 92 56.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер