АБИТУРИЕНТ – 2023: РОССИЯНЫН ЖОЖДОРУНА КАБЫЛ АЛУУ ЖҮРҮҮДӨ

  • 07.02.2023
  • 0

АБИТУРИЕНТ – 2023: РОССИЯНЫН ЖОЖДОРУНА КАБЫЛ АЛУУ ЖҮРҮҮДӨ

Россиянын жогорку окуу жайларына бюджеттик орундарга документтерди кабыл алуу 20-февралда токтойт. Кыргызстандык абитуриенттерди Россиянын 82 аймагындагы 741 университети күтүүдө. Квота менен окууга кабыл алынгандар акысыз билим алып, жатакана менен камсыз болуп, стипендия алышат.

Эскертүү: Квота аркылуу Москва мамлекеттик университетине, Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна жана аскердик окуу жайларга тапшыруу мүмкүн эмес.  Бул университеттерде кабыл алуу өзүнчө жүргүзүлөт. Ал тууралуу маалыматтарды окуу жайлардын өзүнөн алса болот.

БИРИНЧИ ЭТАП

Россиянын жогорку окуу жайларына кабыл алуу Россия кызматташтыгы аркылуу эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этапта абитуриент 20-февралга чейин https://education-in-russia.com сайтында “Чет элдиктер үчүн Россия Федерациясында билим алуу” мамлекеттик маалымат системасында каттоодон өтүп, билим берүү программасын, университетти тандап нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн документтерди сканерлеп, аларды жеке кабинетке жүктөө зарыл. Айрым ЖОЖдорго кошумча сынактар жүргүзүлүшү мүмкүн.

Сайтка катталуу үчүн mail.ru же yandex.ru электрондук почта кызматтарын колдонуу керек. Каттоодон өткөндөн кийин жеке маалымат менен анкета толтуруу, окуу багытын жана ЖОЖдорду тандоо, жеке маалыматты  тастыктаган жана жетишкендиктерди көрсөткөн документтерди жүктөө керек болот.

Алгач окутуу багытын: бакалавр (4 жыл) же адис (5 жыл) жана тапшыра турган окуу жайды тандоо керек. Бирден ашык багытты тандоо мүмкүн эмес. Окуй турган адистик тандалгандан кийин ал адистикти окута турган университеттердин тизмеси пайда болот. Алтыдан  ашык эмес университетти тандап, аларды артыкчылыгына жараша коюп чыгуу зарыл. ЖОЖдорду тандоодо биринчи орунда окугусу келген университетти, ал эми алтынчы орунда эң акыркы окугусу келген университет турушу керек. Бул тартип бөлүштүрүүдө эске алынат.

Москвада экиден ашык эмес университетти, Санкт-Петербургда экиден ашык эмес университетти жана бир федералдык округда үчтөн ашык эмес университетти тандоого жол берилет.

Бир гана университетти көрсөтүп койбош керек. Эгерде ал сизди тандабай койсо Орусияда окуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылып каласыз. Ошондуктан көбүрөөк ишеним үчүн, бир нече университетти тандаган туура.

Сайттагы анкетаны толтурууда документтердин баардыгы сканерленип коюлат.

Документтер:

  • Арыз

Жеке кабинеттеги арызды толугу менен толтуруп, басып чыгарып, кол коюп, кайра жогорку сапаттагы PDF форматында сканерден өткөрүп, жеке кабинетке кайра жүктөө керек.

  • Талапкердин жеке маалыматтарды иштеп чыгууга, өткөрүп берүүгө жана сактоого макулдугу

Макулдук формасы жеке кабинетте болот. Ал орус жана англис тилинде толтурулат. Аты-жөнүн орусча формага орусча, англисче формага латынча киргизип, эки формага тең кол коюп, жогорку сапаттагы PDF форматында сканерлеп, жеке кабинетке  жүктөйт.

  • Талапкердин инсандыгын ырастоочу документ жана документтин котормосу

Паспортту жана эл аралык паспорттун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн орус тилиндеги котормосун жана бардык документтерди жогорку сапаттагы PDF форматында сканерлеп (түстүү сканерлөө) сайттагы жеке кабинетке жүктөө зарыл.

Эгерде эл аралык паспорт ала элек болсо, анда азырынча ID cardды жүктөп туруу керек болот. Бирок тез арада эл аралык паспорт алып, анын орусча котормосу менен 20-мартка чейин жүктөш керек.

  • Билими тууралуу документ

11-класстын окуучулары 10-класстагы бааларынын орточо баллын көрсөтүү менен баалардын транскриптин берет. Эгерде буга чейин орто мектепти бүтүп, колунда аттестаты болсо, орточо баллы көрсөтүлгөн аттестатты тиркейт. Орто кесиптик окуу жайын бүтүргөн болсо, анда дипломду тиркемеси менен жүктөйт.

Билими тууралуу бардык документтерге мектептин директору кол коюп, окуу жайдын мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек. Жеке кабинетке түстүү сканери жүктөлөт.

  • Олимпиадалардын дипломдору

Эгерде эл аралык жана жергиликтүү олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарды алган болсо, анда алардын дипломдорун сканерлеп жүктөп койгон жакшы. Анткени алар тандоодо ийгилик алып келиши толук мүмкүн.

  • Башка жеке жетишкендиктерин ырастоочу документтер

Талапкерлерди тандоодо жумушчу топ башка жетишкендиктерди да эске алышы мүмкүн. Андыктан кошумча жетишкендиктерди тастыктаган документтерди да (спорттук, чыгармачылык, волонтердук) сканерлеп, жеке кабинетке жүктөп коюу зарыл. Алар окуунун акыркы эки жылында, б.а. 2020-жылдан эрте эмес болсо эске алынат.

  • Медициналык документтер

Медициналык маалымкаттар тандоонун экинчи этабына 2023-жылдын 20-мартынан кечиктирбестен жүктөлөт. Маалымкаттарды  дароо жүктөсө да болот.

 Зарыл документтер:

  • 086у формасындагы маалымкат;
  • Гепатиттин жоктугу тууралуу маалымкат (В, С формалары);
  • Туберкулездун жоктугу тууралуу маалымкат;
  • ВИЧ/СПИДдин жоктугу тууралуу маалымкат.

Медициналык маалымкаттар 2022-жылдын 1-сентябрынан эрте эмес алынган болушу керек.

Өтүнмө толугу менен толтурулуп, жөнөтүүгө даяр болгондо, «Арыз тапшыруу» баскычын басууну унутпоо абзел. Жеке кабинетте “Текшерүүнү күтүүдө» деген статус пайда болушу керек. Эгерде бул статус көрүнбөсө, өтүнмө жөнөтүлбөгөн болот.

 

ЭКИНЧИ ЭТАП

20-февралдан кийин тестирлөө жүргүзүлүп, тесттин жыйынтыгынын жана жеке жетишкендиктердин негизинде тандоо жүргүзүлөт. Тестирлөө онлайн режиминде системанын администратору тарабынан бардык текшерүү процедурасын колдонуу менен өткөрүлөт. Чыгармачыл жана дене тарбия адистиктери үчүн тандоо жеке жетишкендиктердин,  аттестаттагы баалардын негизинде жүргүзүлөт жана өзүнчө чыгармачылык сынак өткөрүлөт.

Тестирлөөдөн кийин почтаны жумасына эки жолудан кем эмес текшерип туруу керек.

Ошол эле учурда арыздын жана ага тиркелген документтердин негизинде Россия кызматташтыктын Жумушчу тобу жеке жетишкендиктердин баллын эсептейт. Тестирлөө жалпы баллдын 80 пайызын түзсө, жеке жетишкендиктерди баалоо — жалпы баллдын 20 пайызынан ашпайт.

Тестирлөөнүн жыйынтыгы жана жеке жетишкендиктери үчүн берилген баллдын суммасын эсептөөнүн негизинде талапкерлердин тизмеси түзүлөт, ал төмөндөө тартибинде жайгаштырылат. Эгерде конкурстук баллдын суммасы бирдей болсо, тизмедеги жогорку орунду жыйынтыктоочу тестирлөөдө эң жогорку балл алган талапкерлер ээлейт.

Эскертүү! Тандоо сынактары башталгандан кийин талапкер тандап алган окуу багытын/адистигин өзгөртүүгө, ошондой эле билим берүү уюмдарынын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болбойт.

 

ҮЧҮНЧҮ ЭТАП

Бул этапта арыздар ЖОЖдор тарабынан каралат. Университеттер Россия кызматташтыгы түзгөн тизменин негизинде арыздарды карап чыгат. Бул этаптан ийгиликтүү өткөн абитуриенттин https://russia-edu.minobrnauki.gov.ru сайтындагы өзүнүн жеке кабинетинде кайсы окуу жайга кабыл алынгандыгы тууралуу маалымат чыгат. «Сунушталды» деген  терезеси пайда болгондон кийин, абитуриент сөзсүз университет менен байланышып, бара турган күнүн жана окуунун башталышын билип, даярдана башташы керек. Биринчи кезекте университетке керектүү бардык документтерди даярдоо зарыл.

 

ТӨРТҮНЧҮ  ЭТАП

Университеттен чакыруу алгандан кийин Россияга келгенге чейин абитуриент бардык керектүү документтерди даярдашы керек. Бул документтер ЖОЖго келгенде кабыл алуу комиссиясына тапшырылат.

Керектелүүчү документтер:

  • окууга кабыл алуу жөнүндө арыз;
  • инсандыгын жана жарандыгын тастыктаган документ + нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормо;
  • алган квалификациясын (даражасын), окуган предметтерин жана алардан алган бааларды көрсөтүү менен билими жөнүндө документ + нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормо;
  • ВИЧ-инфекциясынын жок экендигин тастыктаган медициналык маалымкат орус тилинде же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен;
  • сүрөт.

 Кыргызстандын жарандарына Орусияга баруу үчүн визанын кереги жок. Дароо келгенде, ар бир чет элдик студент ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу полисин (VMI) берүүгө тийиш.

 

БИШКЕКТЕГИ ОРУС ҮЙҮНӨН ЖАРДАМ

Арызды толтуруп жатканда кыйынчылыктарга туш болгондорго Россия кызматташтыгынын (Бишкектеги Орус үйү) өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жардам берүүгө жана кеңеш берүүгө даяр. Ишеним телефону: +996(312) 30-05-43. Почта: [email protected]

Бул жакта 11-январдан бери ар шаршемби күнү саат 15:00дө квота боюнча Россиянын ЖОЖдоруна тапшырууну каалагандар үчүн консультацияларды өткөрүүдө. Ага катышууну каалаган ар бир адам https://uchebarf.kg/consult сайтына катталышы керек.

Квота боюнча кабыл алуу кампаниясынын жүрүшү жөнүндө бардык кулактандыруулар жана билдирүүлөр – документтерди кабыл алуу, консультациялар, Кыргызстандын жашоочулары үчүн тестирлөөнүн мөөнөтү Бишкек шаарындагы Орус үйүнүн https://taplink.cc/rushouse_bishkek жеке кабинетинде жана социалдык тармактарда жарыяланат.

Тандоонун жол-жобосу, ​​тестирлөө, инструкциялар, видеороликтер, ЖОЖдор жөнүндө маалыматтар, расмий жана кошумча документтер Бишкек шаарындагы Орус үйүнүн окуу бөлүмүнүн www.uchebarf.kg сайтында да жайгаштырылган.

 

ЭСКЕРТҮҮ!

  1. Документтер https://education-in-russia.com расмий сайтында гана кабыл алынат.
  2. Арызды толтуруу боюнча бардык эскертүүлөр талапкердин https://education-in-russia.com сайтындагы жеке кабинетине жөнөтүлөт. Комментарийлерге ылайык тезирээк оңдоолорду киргизүү зарыл.
  3. Арыздарды кабыл алуу 20-февралда аяктайт. Программаны жана университетти тандоо, документтерди чогултуу, аларды которуу жана тастыктоо, анкетаны толтуруу убакытты талап кылат. Андыктан арызды акыркы күнгө чейин калтырбаш керек.
  4. Тестирлөөнүн башталышы жөнүндө билдирүүлөргө жана чыгармачыл адистиктерге тапшырган болсо ЖОЖдордун сайттарынан чыгармачылык сынактар ​​тууралуу билдирүүлөргө көз салып туруу керек. Себеби чыгармачылык адистиктер боюнча өзүнчө маалыматтар берилет. Билдирмени жөнөткөндөн кийин, жумасына үч жолудан кем эмес https://education-in-russia.com сайтындагы электрондук почтаны (каттоодо турган) жана жеке кабинетти текшерип туруу зарыл. Тестирлөөнүн өтө турган күнү жана убактысы жөнүндө эскертмелер келип турат.
  1. Конкурстук тандоонун биринчи этабын ийгиликтүү өтүп, бирок өкүлчүлүктүн электрондук арызды жана ага тиркелген документтерди оңдоо жана толуктоо боюнча сунуштарын убагында аткарбаган талапкерлер негизги тизмеден чыгарылат. Бошогон орундар резервдеги талапкерлерге берилет.
  2. Арызда өзү жөнүндө жалган же толук эмес маалыматтарды берген талапкерлердин биринчи этаптан өткөн натыйжалары жокко чыгарылат жана досьелери тандоонун экинчи этабына катышуудан чыгарылат.
  3. Арыз берүү, консультациялар жана Россия кызматташтыгынын жардамы акысыз.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер