АБИТУРИЕНТ – 2019: ГРАНТТЫК ОРУНДАР ТОЛГОН ЖОК

  • 28.08.2019
  • 0

Быйыл жогорку окуу жайларга кабыл алуу планы 96,6% аткарылып, мамлекет тарабынан бөлүнгөн гранттык орундар толгон жок.  Учурда 175 орун бош, анын 20 магистратурага бөлүнгөн. Ага кабыл алуу ушул жылдын октябрь айына чейин уланат.

2019-2020-окуу жылына жалпы 5705 мамлекеттик гранттык орун каралган. Анын 405 жыл сайын ЖРТдан эң жогорку балл алгандарга, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, ата-энеси жокторго, этникалык кыргыздарга  бөлүнгөн. Биринчи жолу чек ара аймактарындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө максаттуу даярдоо боюнча 165 орун бөлүндү. Анын 131 мектептерди педагогикалык кадрлар менен камсыздоо үчүн  каралды. Калган гранттык орундар мамлекеттик жогорку окуу жайлар арасында бөлүштүрүлдү.

Бюджеттик орундар көп каралган беш адистикке – билим берүү (1964 орун), компьютердик технология (481 орун), айыл чарба (450 орун), өнөр жай (433 орун), саламаттыкты сактоо (405) кирет.

Гранттык орундар үчүн сынакка катышууга жалпы республикалык тесттен 110 баллдан жогору топтогон 27019 абитуриентке мүмкүнчүлүк берилген.

Бөлүшүү

Комментарийлер