АБИБИЛЛА ПАЗЫЛОВДУН “БИР МЕРТЕБЕ БИШКЕКТЕ” АТТУУ КИТЕБИ ЧЫКТЫ

  • 19.10.2021
  • 0

“Турар” басмасынан жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер  Абибилла Пазыловдун “Бир мертебе Бишкекте” аттуу жыйнагы чыкты. Ага автордун драмалык чыгармалары – пьеса-аңгемелери, пьесалары, анын ичинде өзү орусчага оодарган пьесалары, инсценировкалары, ошондой эле ал кыргызчага которгон чет элдик драматургдардын пьесалары топтоштурулган. Чыгармалардын жалпы саны — 12.

АБИБИЛЛА ПАЗЫЛОВДУН “БИР МЕРТЕБЕ БИШКЕКТЕ” АТТУУ КИТЕБИ ЧЫКТЫ

А.Пазыловдун драмалык чыгармаларынын негизинде республикабыздын бир нече театрларында спектаклдер коюлуп келе жатат.  Алардын айрымдары “Учур” театрынын, Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын агымдагы репертуарларында бар.

2019-жылы автордун Чыңгыз Айтматовдун “Төр жайлоодо жойлогон илбирс” деген аңгемесинин негизинде жазылган “Жаабарс”  пьесасы Москва адабий сыйлыгынын финалчысынын дипломуна арзып, Россияныны “Классики и современники” (“Классиктер жана замандаштар”) аттуу жыйнагына басылган. Ал эми “Бир мертебе Бишкекте” пьесасын  өзбекчеге белгилүү котормочу Турсунбай Адашбаев которуп, гезитке чыгарган.

А.Пазыловдун драмалык чыгармалары боюнча коюлган кээ бир спектаклдер республикалык жана эл аралык театр фестивалдарында байгелүү орундарды утуп жүрөт.

Китеп улуттук көкөм сөзүбүз менен театр искусствобуздун күйөрмандарына арналган. Редактору Ж.Теңирбергенова, калыпка салып жасалгалаган Ж.Кудабаев. Көлөмү 23, 5 басма табак.

Байланыш: 0550 22-58-25

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер