АБДЫЛДА МУСАЕВ — МОСКВА ЛИНГВИСТИКА УНИВЕРСИТЕТИНИН АРДАКТУУ ДОКТОРУ

  • 13.12.2023
  • 0

Бишкек мамлекеттик университетинин ректору, Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ассоциациясынын президенти, филология илимдеринин доктору, профессор Абдылда Мусаевге Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин ардактуу доктору наамы ыйгарылды.

АБДЫЛДА МУСАЕВ - МОСКВА ЛИНГВИСТИКА УНИВЕРСИТЕТИНИН АРДАКТУУ ДОКТОРУ

Ардактуу доктордун дипломун БМУнун ректоруна ММЛУнун ректору Ирина Краева тапшырды

Бишкек мамлекеттик университети менен Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин ортосунда көп жылдардан бери активдүү кызматташтык болуп келатат. Бул кызматташтыктын өнүгүшүндө БМУну көп жылдар бою үзүрлүү башкарып келаткан Абдылда Мусаевдин дагы эмгеги жана окумуштуулук аброю чоң.

“Кут Билим” редакциясы Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер Абдылда Мусаевди ардактуу наамы менен куттуктайбыз жана мындан аркы ишине албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!

Бөлүшүү

Комментарийлер