АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ ОШМПУНУН “АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ”

  • 22.05.2023
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде педагогика илимдеринин доктору Абдыкерим Муратовго ОшМПунун “Ардактуу профессору” наамы берилди.

АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ ОШМПУНУН “АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ”

Иш чарада университеттин ректору Бекмурза Зулуев профессордун өчпөс эмгектери, коомдогу, окуу  жайдагы жана үй бүлөдөгү орду тууралуу кеп козгоп, өздүк майрамына катарлаш ыкластуу каалоо-тилектерин билдирди. Профессор окутуучулар менен студенттер жамаатына лекция окуп, анда элдик педагогика, кыргыздын нукура билими, Манас эпосу тууралуу эл арасында түбөлүккө пайдаланууга кажет болгон түшүнүктөрдү айтты. Кыргыз элинин көрөңгөлүү адабиятын, улуттук мурастарын сактоо менен келечек муунга татыктуу калтыруу абзел экендигин белгиледи.

Айгерим Токтобаева, «КУТ БИЛИМ»

Бөлүшүү

Комментарийлер