АБДЫКАДЫР ОРОЗБЕКОВДУН СӨӨГҮ КОЮЛГАН ЖЕРДИ АНЫКТОО ҮЧҮН КОМИССИЯ ТҮЗҮЛДҮ
- 19.11.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин 2026-жылдын 13-ноябрындагы буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Баатыры Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү коюлган болжолдуу жерди жеринен изилдөө жана аныктоо максатында ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу министрликтин расмий маалыматында кабарланды. 
Ведомстволор аралык комиссия тарых илимдеринин кандидаты, профессор Кыяс Молдокасымов тарабынан берилген маалыматтардын негизинде болжолдуу жерге барып, жеринде изилдөө жана тактоо иштерин жүргүзөт. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча комиссия тиешелүү корутундусун жана сунуштарын 2026-жылдын 20-декабрына чейин министрликке киргизүүгө милдеттендирилди. 
Комиссиянын жетекчилиги жана курамы
Комиссияны Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов жетектейт. Төраганын орун басары болуп Улуттук илимдер академиясынын Б. Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директорунун орун басары Тыныстан Арзыбаев бекитилди. 
Комиссиянын курамына мамлекеттик органдардын, илимий чөйрөнүн жана коомчулуктун өкүлдөрү кирди:
Медеткан Шеримкулов – Кыргыз Республикасынын Баатыры, коомдук жана мамлекеттик ишмер;
Уланбек Далиев – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн аймактарды өнүктүрүү секторунун башчысы;
Замирбек Турсунбеков – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башкы эксперти;
Кыяс Молдокасымов – тарых илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер;
Гүлбара Ишенапысова – саламаттык сактоо министринин орун басары;
Нурбек Жумалиев – өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Урмат Баялиев – Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги;
Кубат Мукашев – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкы башкармалыгынын орун басары;
Мира Курманова – Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары;
Кубатбек Табалдыев – Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн профессору, тарых илимдеринин доктору, археолог;
Орозбек Солтобаев – Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых институтунун археология, этнография, булактаануу жана тарыхнаама кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты, археолог.

Комиссиянын катчысы (добуш берүү укугусуз) болуп Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин тарыхый-маданий мурастар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Сагынбек Нусурөталиев дайындалды.
А.К., «КБ»