ААЛАМДЫ БАТЫРГАН БИЛИМ ОРДОСУНДА

  • 09.06.2026
  • 0

ААЛАМДЫ БАТЫРГАН БИЛИМ ОРДОСУНДА

Ар бир кыргыздын үйү билим үйүнө-Билимканага айланышы керек!

О.Мамаюсупов, Кыргыз Республикасынын эмгек баатыры 

Май айынын аягында, жаздын акыркы күндөрүндө Ноокат районундагы Кара-Таш айылы өзгөчө бир илимий-педагогикалык борборго айланды. Мында өлкөнүн булуң-бурчунан келген билим берүү тармагынын өкүлдөрүн, тажрыйбалуу педагогдорду жана эксперттерди бир аянтчага чогулткан «Ноокат билимканасы: кечээ, бүгүн, эртең» аттуу республикалык семинар болуп өттү. Бул иш-чара  билимдин кадырын билген инсандардын жандуу баарлашуусу, тажрыйба алмашуусу жана элет жериндеги билим берүүнүн феноменин ачып берген чоң салтанат катары эсте калды.

Иш-чаранын демилгечилерини бири Ноокат районунун кадырлуу ардагер мугалими, КР билим берүүсүнүн мыктысы жана «Кут Билим — калемгерлер» тобунун мүчөсү Абдиназар Эргешов агай болду. Ал учурда Ноокат райондук сырттан билим берүү мектебинде эмгектенип келет. Абдиназар агай куттуктоо сөзүндө бул семинарды уюштуруу, өлкөнүн туш тарабынан келген конокторду татыктуу тосуп алуу үчүн бир топтон бери түйшөлүп, даярдык көргөнүн толкундануу менен бөлүштү. Иш-чара Ноокат райондук билим берүү бөлүмү менен тыгыз өнөктөштүктө өткөрүлгөнүнө күбө болдук. Семинардын географиясы абдан кенен болду: Сузак районунан Б.Акматова жана Усенова, Алай районунан С.Мамыров, Кара-Көл шаарынан Б.Мусуралиев ошондой эле Ноокат аймагынан М. Мамытов, Турдумуратова (Жаңы-Ноокат), Абдыганиева, Асанов сыяктуу ондогон тажрыйбалуу педагогдор тажрыйба алмашуу үчүн бир аянтчага чогулушту. Семинардын катышуучуларын биринчи кезекте лицейдин өзгөчө атмосферасы — тартип, билимге болгон куштарлык жана окуучулардын маданияттуулугу суктандырды.

ААЛАМДЫ БАТЫРГАН БИЛИМ ОРДОСУНДА

Чакан бөлмөдөгү аалам казынасы жана жаш инженерлердин кыялы

Сыртынан караганда катардагы чакан бөлмөдөй көрүнгөнү менен, бул жай өзүнүн мазмуну боюнча өлкөдөгү сейрек кездешүүчү илимий жана тарыхый адабияттардын чыныгы борбору болуп саналат. Китепкананын фондунда башка мектептерде дээрлик кездешпеген таңкыс, тереңдетилген илимий багыттагы жана тарыхый баалуулугу жогору китептер топтолгон. Бул база лицейдин физика-математика багытындагы көп жылдык ийгиликтерин шарттаган башкы куралдардын бири. Бул билим казынасын лицей түптөлгөндөн бери чейрек кылымдан ашык убакыт бою коргоп, суктанарлык тартипте сактап келе жаткан китепканачы Адалат Боронованын эмгеги өзүнчө баалоого татыктуу. Анын өз ишине болгон берилгендиги жана ар бир китептин баалуулугун терең түшүнгөндүгү семинардын катышуучулары менен болгон мазмундуу баарлашууда даана көрүндү. Китепкана мектептеги кургак билим берүүнү эмес, фундаменталдык илимге болгон сый-урматты калыптандыруучу негизги очок экенин далилдеди.

Заманбап билим берүүнүн талабы болгон STEM (илим, технология, инженерия, математика) багыты бул лицейде кагаз бетинде эмес, практикада ийгиликтүү иштей турганын кийинки аянтча далилдеди. Райондук, облустук жана республикалык деңгээлдеги бир топ сынактардын туруктуу жеңүүчүсү болгон «Робототехника» ийрими өзүнчө бир инновациялык хаб катары таанылды.  Ийримдин жетекчиси Чолпонай Жусубалиева жана анын окуучулары конокторго өздөрү иштеп чыккан техникалык моделдерди сунушташты. Окуучулардын колдорунан жаралган робот-машиналар, татаал автоматташтырылган аппараттар жана техникалык түзүлүштөр айыл жериндеги балдардын фантазиясы менен инженердик ой жүгүртүүсү канчалык жогору экенин көрсөттү.  Эң башкы аналитикалык көрсөткүч — окуучулардын кургак презентация жасабастан, өздөрү жасаган технологиялардын иштөө принциптерин, алгоритмдерин жана алардын келечекте адамзаттын жашоосуна тийгизе турган практикалык пайдасын терең аңдап, зор ишеним менен айтып беришкенинде болду. Балдардын көзүндөгү илимге болгон куштарлык бул лицей жөн гана мектеп эмес, өлкөнүн болочок инженердик жана технологиялык элитасын даярдаган база экенинен кабар берет. «Ноокат билимканасында» өткөн семинар көрсөткөндөй, лицейдин ийгилигинин сыры — өткөндүн фундаменталдык билим казынасы (китепкана) менен келечектин технологиялык чакырыктарынын (робототехника) ортосундагы туура курулган баланста. Чакан айылдагы бул билим ордосу заманбап билим берүүнүн улуттук моделин түзүүдө башка мектептер үчүн негизги багыт көрсөтүүчү флагман бойдон калууда. Эң кызыгы, бул техникалардын кантип жасалышы, иштөө принциптери, келечекте адамзатка тийгизе турган пайдасы жана кызматы тууралуу окуучулар өздөрү көздөрү күйүп, зор сыймыктануу менен сүйлөп берип жатышты. Бул балдар — өлкөнүн келечектеги инженерлери экенине ишеним пайда болду. Мындан тышкары мектепте тигүү цехин көрдүк. Бул жерде да окуучулар атайын машикаларда түрдүү кийимдердин моделин быча алышат.

ААЛАМДЫ БАТЫРГАН БИЛИМ ОРДОСУНДА

Мамлекеттен бир сом албай курулган жатак-лицей

Семинардын эң негизги жана эмоционалдык туу чокусу — бул билим берүү мекемесинин тарыхый пайдубалын түптөгөн инсандардын баалуу ойлору жана мектептин өнүгүү жолун чагылдырган өзгөчө учурлар болду. Иш-чаранын жүрүшүндө лицейдин бүгүнкү директору Минажат Абдисалан кызы сөзгө чыгып, билимкананын тарыхый барактарына токтолду. Бирок коноктор үчүн эң чоң күтүүсүз белек — бул мектептин негиздөөчүсү жана илимий жетекчиси, КРдин Эмгек Баатыры, профессор Омурзак Мамаюсупов менен түзүлгөн түз онлайн-байланыш болду. Омурзак Мамаюсуповдун мекенчилдик моделине токтолсок, академик Мурзабек Иманалиевдин шакирти, физика-математика илимдеринин кандидаты Омурзак Мамаюсуповдун өмүр жолу — кыргыз интеллигенциясынын билимге болгон берилгендигинин үлгүсү дээр элек. Агайдын тарыхый тамырына токтолсок, ОГПИни артыкчылык диплому менен аяктап, Новосибирск университетинде илимий жолун уланткан, кийинчерээк Жогорку Кеңештин депутаты катары коомдук иштерге аралашкан илимпоз 1989-жылы Ноокат билимканасынын пайдубалын түптөгөн.  Профессор кургак жетекчилик менен чектелбестен, туура 37 жылдан бери коомдук башталышта бул мектептин илимий багытын аныктап, анын интеллектуалдык деңгээлин көтөрүп келет. Лицейдин  эл аралык деңгээлдеги интеллектуалдык потенциалына токтолсок, 37 жылдык өнүгүү жолундагы аналитикалык көрсөткүчтөр анын өлкөдөгү эң натыйжалуу мектептердин бири экенин далилдейт. Мектепти ушул күнгө чейин аяктаган 1483 бүтүрүүчүнүн ичинен 212 окуучу өзгөчөлөнгөн үлгүдөгү аттестатка татыктуу болгон (анын ичинде 32 алтын медаль, 126 кызыл аттестат жана 54 «Алтын тамга» ээлери бар); Эки окуучу өлкө боюнча ЖРТдан эң жогорку упай алып, «Алтын сертификатка» жана Президенттин мактоо баракчасына ээ болгон; Бүтүрүүчүлөрдүн 90 пайыздан ашыгы жогорку билимдүү болуп, арасынан ондогон илимдин кандидаттары, магистрлер жана PhD докторлору чыгып, бүгүн дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүндө (АКШ, Европа, Азия) ийгиликтүү эмгектенишүүдө. Билим берүүнүн тилдик деңгээли да абдан жогору: лицейдин окуучуларынын 30 пайызы англис тилинде, дагы 30 пайызы орус тилинде эркин сүйлөшөт.

ААЛАМДЫ БАТЫРГАН БИЛИМ ОРДОСУНДА

“Ноокат билимканасынын» эң таң калыштуу жана башка мектептерге үлгү боло турган өзгөчөлүгү — анын материалдык базасынын курулушунда. Мектеп жамааты жана жергиликтүү калк мамлекеттик бюджеттен бир сом да сурабастан, элдик «Ашар» ыкмасы менен 125 орундуу заманбап жатакананы куруп бүтүрүшкөн. Окуу корпусу толук заманбап талаптарга жооп бербесе да, лицейдин жамааты токтоп калган эмес. Бул жер — толугу менен акысыз иштеген мамлекеттик жатак-лицей. Аталган мектептеги муундун   үзгүлтүксүздүгүн азыркы директор Минажат эжекенин өзү ушул лицейдин эң алгачкы бүтүрүүчүлөрүнөн экени далилдеп турат. Бул — мектеп өзүнүн кадрларын өзү тарбиялап чыгарган ички туруктуу экосистеманын натыйжасы.

Жүрөктү өйүгөн «Жол» тасмасы

Семинардын соңунда конокторго руханий чоң белек тартууланды. Көрүүчүлөр лицейдин басып өткөн татаал жана сыймыктуу жолун чагылдырган «Жол» аттуу кыска метраждуу көркөм тасманы көрүштү. Бул тасманы лицейдин бүтүрүүчүсү, учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин теле-режиссура бөлүмүнүн студенти Каразакова Айзирек эл аралык кинофестивалга катышуу үчүн атайын даярдаган. Фильмде мектептин калыптануу тарыхы, айыл жергесиндеги билим берүүнүн оорчулуктары жана ийгиликтери ушунчалык терең берилгендиктен, тасма семинардын катышуучуларынын жүрөгүн козгоп, көздөрүнө жаш алдырды.  Бул тарых көрсөткөндөй, «Ноокат билимканасы» — мамлекеттин гана каржылоосуна көз каранды болбой, коомдун, илимпоздордун жана бүтүрүүчүлөрдүн биргелешкен күчү менен дүйнөлүк деңгээлдеги интеллектуалдык борборду кантип түзүүгө боло тургандыгынын улуттук үлгүсү болуп калды.

ААЛАМДЫ БАТЫРГАН БИЛИМ ОРДОСУНДА

Мугалимдердин «фишкасы»

Программанын кийинки бөлүгү коноктор менен педагогикалык жамааттын ортосундагы ачык, эркин баарлашууга жана курч суроо-жоопторго уланды. Талкууну «Ноокат таңы» гезитинин башкы редактору, өзү да ушул мектептин ата-энеси болгон Нуркамил Абдуллаев баштап, мындай суроо узатты: -Менин уулум менен кызым ушул жерде окушкан, азыр чоң окуу жайлардын студенттери. Алар айылга келген сайын Билимканага барып, эжеке-агайларым менен көрүшүп келейин деп шашып турушат. Мен өзүм да мугалиммин, бирок башка мектептерден мындай терең байланышты көргөнүм жок. Мунун сыры эмнеде? Өзүңүздөрдүн “фишкаңыздар” менен бөлүшсөңүздөр-, деди. Бул суроону мугалимдер сыймыктануу жана жылуу жылмаюу менен кабыл алышты. Кыргыз тили жана адабияты мугалими Шарипа Бекиева мындайча жооп берди: -Бизде эч кандай деле сыр же сыйкырдуу усул жок. Жөн гана биздин мугалимдер бир дагы сабагын өтпөй калтырышпайт. Эгер зарыл себептер менен сабак өтүлбөй калса, мугалимдерибиз окуу бөлүмүнүн артынан кууп жүрүп, “Мага ушул саатты кошумча коюп бер, өтүп алайын” деп, программаны толук бүтүрүшөт. Бул пикирди химия мугалими Нурила Марипова да кубаттады: -Бизде мугалимдер саат кууп, убактым бүттү деп кетип калышпайт. Күндүн кечтегенине карабай, ошол күнкү пландалган иш бүтмөйүнчө үйлөрүнө кайтпай, балдар менен сабактан сырткары да дайыма чогуу болушат. Биздин ийгиликтин негизги сыры ушунда,-деди ал. Бирок, баарлашуу бир гана ийгиликтер менен чектелген жок. Ортодо мугалимдердин жүрөгүн өйүп, бейпайга салган бүгүнкү билим берүү системасынын эң курч көйгөйлөрү ачык айтылды. Орус тили мугалими Азиза Боронбаева  37 жылдык тарыхы бар, ушунча көрсөткүчтөргө жеткен билимканасынын “лицей” макамынын  алынганына нааразы экенин айтса, биология мугалими Гүлнар Мамытова муну кубаттап, “Алтын тамга” сынагынын жокко чыгарылышы окуучулардын ички мотивациясын, стимулун абдан бошоңдотконун, балдарда билим боюнча атаандашуу, дени сак эрегишүү  азайып калганына күйүнүп сүйлөдү.  Айрымдары  Республикалык олимпиаданын IV этабында мамлекеттик мектептин окуучулары жеке менчик мектептердин балдары менен бирдей шартта мелдешип жатканы сынга алынды. Ошондой эле кээ бир мектептерде жалпы көрсөткүчтү, рейтингди түшүрбөө үчүн начар окуган бүтүрүүчүлөрдү ЖРТ сынагына атайлап киргизбей койгон терс көрүнүштөр бар экени да айтылды. Бул маселелер боюнча ЖРТ боюнча белгилүү тренер-эксперт Жусуп Молдобаев жана Ноокат райондук профсоюз уюмунун инспектору Осмон Көчкөнбаев да өз талдоолорун ортого салышты. Алар билимкананын бир ууч бала менен эмес, жалпы бүтүрүүчүлөрдүн орточо упайын көтөрүү үчүн таза иштегенин айтышты. Ошондой эле «Алтын тамга» сынагына өлкө боюнча адам фактору аралашып кеткени үчүн ушундай чечимдер кабыл алынганын да белгилешти.  Мугалимдер өз көз караштарын эркин айтып олтурушканы мага жакты. Албетте, билим берүү тармагы эң оор тармак. Көч бара бара түзөлүп батканын, бул тармактагы 12 жылдык масштабдуу трансформациянын алгачкы жыйынтыктары ийгиликтүү экендигине басым жасашты.  Талкуудан кийинки залдагы оор маанайды семинардын жабылыш аземи тез эле серпип кетти. Ноокат райондук балдар чыгармачылык борборунун көркөм жетекчиси, музыкант Мырзамидин Мамасалиев агай билимкананын жаш таланттары менен биргеликте өзгөчө адабий-музыкалык кече даярдаптыр. Алардын аткаруусундагы «Мен кыргызмын» аттуу композициясы залга өзгөчө дем берип, улуттук сыймыктануу сезимин ойготту жана иш-чаранын көркүнө көрк кошту. Кеченин соңунда билим берүү тармагына сиңирген көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана ушул семинарды уюштурууга кошкон салымы үчүн билимкананын бир катар алдыңкы мугалимдерине «Кут Билим» гезитинин   Ардак грамоталары салтанаттуу түрдө тапшырылды. Сыйлык алган мугалимдердин жүзүндөгү кубаныч бүтүндөй залды жылыткандай болду. Уюштуруучу топ келген коноктордун урматына Ноокаттын эң кооз, ажайып жана айтылуу эс алуу жайы болгон «Кара-Кой» жайлоосуна атайын таанышуу саякатын уюштурду. Бул сапар мага Ноокаттын агартуучуларынын ишине болгон чексиз берилүүсүн, өлкө келечеги үчүн жасаган таза мээнетин  дагы бир жолу даана көрсөттү.

М.ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”

P.S. Макала даярдалып жатканда “Ноокат билимканасынын” негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын эмгек баатыры Омурзак Мамаюсупов агайыбыз  дүйнө салганы туурасында суук кабарды уктук. Өмүрүн билимге, илимге арнаган жаратман аалымдын мезгилсиз дүйнөдөн кайтышы-жалпы элибиздин орду толгуз оор жоготуусу дээр элек. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун, улуу устат агайыбыз Омурзак Шеранович!

Бөлүшүү

Комментарийлер