№91 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДЕ ОКУУЧУЛАР, БАЛДАР ҮЙҮНҮН ЖАНА РЕАБИЛИТАЦИЯЛЫК БОРБОРДУН ТАРБИЯЛАНУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТТҮ

  • 19.04.2024
  • 0

18-апрелде Бишкектеги И.Касендеев атындагы №91 кесиптик лицейинде окуучулар үчүн “Ачык эшиктер күнү” иш-чарасы өттү.

№91 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДЕ ОКУУЧУЛАР, БАЛДАР ҮЙҮНҮН ЖАНА РЕАБИЛИТАЦИЯЛЫК БОРБОРДУН ТАРБИЯЛАНУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТТҮ

Иш-чаранын жүрүшүндө лицей жөнүндө маалымат берилип, окуучулар окутуу устаканалары, жатакана, ашкана, спорт зал жана музейи менен таанышышты.

“Ачык эшиктер күнү” иш-чарасына №55, №84, №77, №7, №59, №44, №72, №102, №25 орто мектептеринин окуучулары, “Акниет” балдар үйүнүн жана “Үмүт-Надежда” реабилитация борборунун тарбиялануучулары катышты.

Кесиптик лицей ашпозчу жана кондитер багытында балдарды окутат. Учурда 230 бала бюджеттик негизде окуса, 50 бала контрактык негизде билим алат. Мындан сырткары дуалдык окутуу менен 4 тайпада 77 бала окуйт.

Бөлүшүү

Комментарийлер