№87 КЕСИТИК ЛИЦЕЙИНДЕ ООГАН АРДАГЕРЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ БОЛУП ӨТТҮ
- 12.02.2020
- 0
Аталган окуу жайда Советтик жоокерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 31 жылдыгына карата, кезегинде №87 кесиптик лицейинде билим алып, Афган апаатына барып катышып келишкен ардагерлер менен биринчи курстун окуучуларынын жолугушуу кечеси уюштурулду.
Афган ардагерлери 1979-1989-жылдардагы Ооган жергесинде баштарынан кечирген оор күндөрдү, согуш талаасын, апаатты кайрадан көз алдыларынын өткөрүп, окуучуларга айтып беришсе, окуучулар чакан программадагы концерттик номер тартуулашты. Жолугушуу слайд менен коштолду. Афганистандан кайтпай калган, кийин өтүп кеткен Ооган ардагерлерине багышталып куран окулду.
Ооганчыларга арналып жазган «Афганистан» аттуу ырын белгилүү обончу Камчыбек Жусупов өзү аткарып берди.
Аягында ардагерлерге окуу жайдын жетекчилиги тарабынан аманчылык, ден-соолук айтылып, дасторкон үстүндө сый тамак тартууланды.
Э.Усупов, “Кут Билим”
Комментарийлер