БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ 80 ЖЫЛ

  • 18.11.2022
  • 0

Бишкекте башталгыч кесиптик билим берүүнүн 80 жылдыгына арналган мааракелик иш-чара өтүп жатат. 

БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ 80 ЖЫЛ

Анда кесиптик-техникалык билим берүү жана окутуу системасынын 80 жылдык өнүгүүсүндөгү жетишкендиктер жана ийгиликтүү тажрыйбалар айтылып, башталгыч кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүнүн жаңы чакырыктары жана горизонттору талкууланууда.

Салтанатка катышкан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов мамлекет үчүн башталгыч кесиптик билим берүү тутумунун ордуна жана баалуулугуна токтолуп, келечекте аткарыла турган иштерге басым жасады.

— Учурда бул тутумду кайрадан департамент кылып бөлүү боюнча сунуштар айтылып жатат. Бирок биз мындай кадамга барбайбыз. Тармак билим берүү тутуму катары министрликтин курамында өнүгүшү керек. Буюрса, бардык лицейлер жакынкы үч жылда алдыңкы тажрыйба борбору болгон сегиз окуу жайдын катарын толуктайт. Буга мамлекеттин күчү жетет. Келечекте мамлекетте чоң-чоң фабрикалар иштейт. Ошол жакка кесиптик билими бар жаштар талап кылынат. Биз ошого жараша адистерди даярдоого өтөбүз, — дейт Эдиль Байсалов.

БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ 80 ЖЫЛ

Салтанатта мыкты кесиптик лицей сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйлыктар тапшырылды. Жүз лицейдин ичинен алты лицей мыкты деп аталды. Алар: Жалал-Абаддагы №21, Бишкектеги №18, Ош облусундагы №67, Таластагы №90, Баткендеги №7 жана Ош шаарындагы №16 лицей.

Бөлүшүү

Комментарийлер