№72 мектептин жетекчилиги окуучунун өлүмүнөн кийин кызматтан четтетилди
- 14.02.2025
- 0
№72 мектептин жетекчилиги окуучунун өлүмүнөн кийин кызматтан четтетилди. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 13-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү департаментинин буйругу менен аталган мектептеги окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүлгөн. Анын жыйынтыгында аталган мектептин директору Д.Назаркулова, директордун тарбия иштери боюнча орун басары А.Орозбаева, социалдык педагог М.Базарбаева, класс жетекчиси А.Каракойчиева кызматынан бошотулду.
Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын №72 мектебинин 8-классынын окуучусу Аннас Айтбаев окуучулардын ур-токмогунан кийин каза болуп калган. Мектеп директору Дамира Назаркулова окуучу бала өзү жыгылып кетип каза тапкан деген маалымат алганын айтууда. Баланын атасы Дөөлөтбек Айтбаев уулу жогорку класстын окуучуларынын ур-токмогунан каза болгонун билдирди.
Айдана МАМАТБЕРДИЕВА,
«Кут Билим»
Комментарийлер