7-КЛАССТАР ҮЧҮН ЖАҢЫ ОРУС ТИЛИ КИТЕБИ БАСЫЛДЫ

  • 01.10.2020
  • 0

1-октябрда Россиянын Бишкектеги Илим жана маданият борборунда 7-класстарга арналган жаңы орус тили окуу китебинин бет ачаары болду.7-КЛАССТАР ҮЧҮН ЖАҢЫ ОРУС ТИЛИ КИТЕБИ БАСЫЛДЫ

 

Кыргыз билим берүү академиясынын башчысы Алмаз Токтомаметов өз сөзүндө жаңы окуу китебинин төмөндөгүдөй өзгөчөлүктөрүнө токтолду:

7-КЛАССТАР ҮЧҮН ЖАҢЫ ОРУС ТИЛИ КИТЕБИ БАСЫЛДЫ

 

“Биринчиден, орус мектептериндеги орус тили китеби биринчи жолу Кыргызстандын кыртышында даярдалды. Китептин ичинде жалаң Кыргызстанга тиешелүү материалдар жайгаштырылды. Мурда Россиядан чыккан китептер кыргызчага ккоторулуп  келген. Экинчиден, буга чейин ушул эле китеп 5-6-класстар үчүн чыккан. Бул анын уландысы болуп эсептелет. Үчүнчүдөн, “Аркус” басмаканасы министрликтен бир сом акча албай туруп, жардам катары окуу китебин даярдап берди. Бул бүгүнкү заман кызматташуунун, биргелешүүнүн учуру экендигин көрсөтөт”, — деп билдирди А.Токтомаметов.7-КЛАССТАР ҮЧҮН ЖАҢЫ ОРУС ТИЛИ КИТЕБИ БАСЫЛДЫ

Бул окуу китептин  авторлору болуп Людмила Бреусенко жана Татьяна Матохина эсептелет. Аны даярдоого үч жылга жакын убакыт кеткен. Төрт миң нускада басылып чыкты.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер