«АЛТЫН БЕШИКТЕ» ЖАҢЫ ТАЙПАЛАР АЧЫЛДЫ

  • 29.11.2017
  • 0

Ноокен районуна караштуу № 4 «Алтын-Бешик» балдар бакчасында кошумча тайпалардын ачылыш аземи болуп өттү.  Ноокен райондук КБКнын тескөөчүсү Т. Бакиров билдирди.

"АЛТЫН БЕШИКТЕ" ЖАҢЫ ТАЙПАЛАР АЧЫЛДЫ

Маалыматка  караганда,  170 балага ылайыкташтырылган   6 тайпа ачылып,  16 кызматкер  иш менен камсыз болду.               Швейцария  өкмөтү  тарабынан каржыланган  жана  ХЕЛЬВЕТАС  Свисс Интеркооперешн Ассоциациясынын  Филиалы  менен Өнүктүрүү саясат институту Консорциумда аткарылган «Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоору аркылуу ишке ашты. Жалпы сумма    6 482 718 сомду түзсө, анын ичинен грант   4 350 000 сомду, Масы айыл өкмөтүнүн өздүк салымы   2 132 718 сомду түздү.

Андан сырткары айыл өкмөтү тарабынан  жумшак жана катуу эмеректер менен камсыздоого 3 000 000 сом каражаты бөлүнүп берилген.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

Бөлүшүү

Комментарийлер