6000 ПЕДАГОГ STEM МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫН ӨЗДӨШТҮРӨТ

  • 19.05.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун кызматкерлери жана Бишкек шаарынын, Чүй облусунун Сокулук, Аламедин районундагы бала бакча тарбиячылары менен усулчулары таанып-билүү ишмердүүлүгү жана илимий-техникалык чыгармачылык менен айкалыштырууга мүмкундүк берген “SТЕМ-мектепке чейинки билим берүү” модулдук программасын апробациядан өткөрүштү.

6000 ПЕДАГОГ STEM МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫН ӨЗДӨШТҮРӨТ

Катышуучулар STEM билим берүүнүн актуалдуулугу тууралуу маалымат алып, STEMди мектепке чейинки билим берүүгө киргизүүдөгү көйгөйлөрдү, мүмкүнчүлүктөрдү жана практикада колдонуу ыкмаларын талкуулашты.

“SТЕМ-мектепке чейинки билим берүү” модулдук программасы 6000ге жакын мектепке чейинки билим берүү кызматкерлерин окутуу жана 57 райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн усулчуларын балдар менен иштөөнүн заманбап практикасына үйрөтүүчү чоң программанын бир бөлүгү болуп саналат.

“SТЕМ-мектепке чейинки билим берүү” программасы Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорунун алкагында иштелип чыккан.

Бөлүшүү

Комментарийлер