6-КЛАССТАР ҮЧҮН «ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕР» ОКУУ КИТЕБИНИН 1-БӨЛҮГҮ БАСЫЛЫП ЧЫКТЫ
- 08.06.2026
- 0
Билим берүү тармагындагы жаңы окуу жылына карата даярдыктар жигердүү улантылууда. Жакында эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана ага караштуу «Окуу китеби» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү жаңыдан басылып чыккан окуу адабияттарын кабыл алышты.
Бул жолу мектеп программасын модернизациялоонун алкагында 6-класстар үчүн атайын даярдалган «Табигый илимдер» окуу китебинин 1-бөлүгү жарык көрдү. Жаңы окуу куралы республикадагы кыргыз жана орус тилдеринде билим берген мектептердин муктаждыктарын толук камсыздоо максатында чыгарылды.

Муну менен катар, башталгыч класстардын окуучулары үчүн да маанилүү усулдук куралдар даяр болду. Тактап айтканда, 1-класстын босогосун аттай турган жеткинчектер үчүн «Алиппе» окуу-методикалык комплексинин курамына кирген «Алиппеге даярдык» иш дептери жана «Жазуу жана боёо дептери» басылып чыкты.
Басылып чыккан китептердин тизмеси жана нускасы:
6-класс: «Табигый илимдер» (1-бөлүк, кыргыз жана орус тилдеринде) — 166 895 даана
1-класс: «Алиппеге даярдык» жана «Жазуу жана боёо дептери» — 180 760 даана
Учурда кабыл алынган жаңы окуу китептерин жана усулдук дептерлерди аймактардагы билим берүү мекемелерине өз убагында жеткирүү боюнча уюштуруу иштери башталды. Бул кадам мектептердеги китеп тартыштыгын жоюуга жана билим берүүнүн сапатын арттырууга чоң өбөлгө болмокчу.

Комментарийлер