5Е МОДЕЛИ БОЮНЧА САБАКТЫН ИШТЕЛМЕСИ КАНДАЙ ТҮЗҮЛӨТ?
- 18.02.2025
- 0
Редакциядан: Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу системасын жаңылап, мугалимдердин талабы боюнча өзгөрүүлөр киргизилип, балдардын функционалдык сабаттуулугун калыптандырууга көңүл бурулуп жатат. Мугалимдер жаңы ыкмалар менен окууга мүмкүнчүлүк берген Билим берүү жана илим министрлигине ыраазычылык билдиришүүдө. Сабак өткөн тренерлер төрт күн оффлайн негизги материалдарды, калган төрт күн онлайн форматта өтүшүүдө. Алар ар бир мугалим менен иштеп, сабакты жаңы ыкма боюнча түзүп чыкканга жардам берип жатат. Бир жумадан кийин мугалимдер тренерге кайтарым байланыш кылып, сабак өтүп беришүүдө.
5Е модели менен сабак өтүү окуучулардын сабакка кызыгуусун арттырып, сабактын темасына байланыштуу мурунку билимдерин жана жаңы билимдерин аныктоого жардам берет. Окуучулардын бардыгы сабакта активдүү катышып, иштеп, мугалим болсо алардын ойлорун угуп, багыттайт. Негизинен 5Е модели окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн, көйгөйлөрдү чечүү жөндөмүн, кызматташуу жөндөмүн жана чыгармачылыгын өнүктүрүүгө жардам берет. Ошондой эле сабак өтүү алда канча жеңил жана окуучуларга дагы жеткиликтүү болот. Бүгүнкү күндө бул ыкма менен сабактарын пландап, практикалап жаткан Бишкек шаарындагы №66 “Ден соолуктун жана өнүгүүнүн мектеби” гимназия-окуу-тарбия комплексинин биология сабагыгынын мугалими Азима Амангелдиеванын сабагын үлгү катары жарыялап жатабыз.
КӨБӨЙҮҮ. КЛЕТКАЛАРДЫН КӨБӨЙҮҮСҮ. ОРГАНИЗМДИН КӨБӨЙҮҮ ФОРМАЛАРЫ. ЖЫНЫССЫЗ ЖАНА ЖЫНЫСТЫК КӨБӨЙҮҮ
(Биология, 10-класс)
Сабактын максаты:
- Тирүү организмдердин көбөйүүсүнүн маанисин түшүнүп, көбөйүүнүн ар кандай ыкмаларын айырмалаганга жана клетканын туура эмес бөлүнүүсү эмнеге алып келери жөнүндө маалымат алып, үйрөнүшөт.
- Окуучулар маалымат жыйноо, көрө билүү, анализдөө, өз алдынча иштөө, изилдөө жөндөмдөрүн калыптандырып, алган билимдерин жашоодо колдоно билүү көндүмдөрүнө ээ болуу менен биргеликте иш жүргүзүүгө тарбияланышат жана калыптанышат.
Сабактын методдору: Интерактивдүү метод
Сабактын жабдылышы:
Окуу китептери, презентация, карточкалар, маркер, ватман,панелдик доска, интернет, китеп, дептер, уюлдук телефон ж.б.
Окуучунун таяныч билими:
Окуучулар 6-класстан бери биология сабагынан “Көбөйүү” темасы менен таанышып келе жатат. Көбөйүү, көбөйүү формалары боюнча жалпы маалымат бар. Бул сабак буга чейинки алган билимдерин бышыктап, жыйынтыктоо сабагы.
Сабактын жүрүшү:
№ | 5Е модели Убакыт | Негизги иш-аракеттер (мугалимдин кадамдары) | Окуучунун иш-аракети | Бул этаптын негизги максаты же негизги идеясы эмне эле? |
1 | 1Е-этап Шыктандыруу 5 мин.
| Саламатсыңарбы балдар? Экранга көңүл бурабыз. Окуучуларга сүрөттөр көрсөтүлөт: өсүмдүктөрдүн гүлдөрү, жаныбарлардын балапандары, адамдын үй-бүлөсү. Суроо: 1. Бул сүрөттөрдө эмнелерди байкадыңар жана бул нерселерде эмнелер окшош жана эмнелер айырмаланат?
2. Бардык тирүү жандыктардын бирдей өзгөчөлүгү эмне? а) жекече б) эки-экиден в) топ менен | Окуучулар экрандагы сүрөттү көрүп өзүлөрүнүн жоопторун айтат. М: Көбөйүүнү көрүп турабыз. Өзүнө окшош организмди жаратуу ж.б.у.с жооптор айтылат.
| -Бул этапта көрсөтүлгөн сүрөттөр аркылуу бүгүнкү өтүлө турчу теманы аныктап алуу. Тирүү организмдердин өзүнө окшош муундарды жаратып, өзүнө тиешелүү болгон белгилер жана касиеттеринин укумдан-тукумга берилиши, б.а. көбөйүү жөндөмдүүлүгү тууралуу билишет. |
2 | 2Е-этап Изилдөө 10 мин. | 1-топ: Жыныстык көбөйүүгө байланышкан сүрөттөрдү (фотоколлаж ыкмасы) таратам. 2-топ: Жыныссыз көбөйүүгө байланышкан сүрөттөрдү (фотоколлаж ыкмасы) таратам. Суроо: 1) Бул көбөйүүнүн кайсы түрү? 2) Эмне себептен бул организмдер көбөйүүнүн ушул түрү менен көбөйүшөт? 3) Ал көбөйүүнүн өзгөчөлүгү эмнеде? 2 топко ватман таратам, ватманда жогорудагы үч суроо жазылган жана сүрөттөрдү берем. Ал үчүн интернет булактарын колдонсоңор болот. Тапшырманы аткаруу үчүн силерге 5 мүнөт берилет. а) жекече б) эки-экиден в) топ менен | *Окуучулар берилген сүрөттү карап, эмне экендигин табат. Андан кийин көбөйүүнүн кайсы түрүнө киргендигин аныктап, ошол көбөйүүнүн түрү боюнча жубу, тобу менен талкуулап, убакыт бүткөндө айтып беришет. | Окуучуларды көбөйүүнүн ар кандай түрлөрү менен тааныштыруу. * Жыныстык жана жыныссыз көбөйүүнүн айырмачылыктарын түшүндүрүү. |
3 | 3Е-этап Түшүндүрүү 10 мин. | Балдарга текст берем, текстти окуп чыгып бүткөндөн кийин төмөндөгү сүроолорго жооп бергиле. 1) Бул тажрыйбада көбөйүүнүн кайсы түрү ишке ашты? 2) Бул ыкмада клеткалар кандай ыкма менен көбөйүштү? Роберт Джеффрис Эдвардс (25-сентябрь 1925-ж. — 10-апрель 2013-ж.) — британдык физиолог жана эмбриолог, «жасалма уруктандыруунун (ИВФ) өнүгүшү үчүн» 2010-жылы Физиология же Медицина боюнча Нобель сыйлыгын алган. Анын иши миллиондогон адамдарга балалуу болууга мүмкүнчүлүк берген революциялык медициналык жетишкендик болгон. Эдвардстын ИВФ боюнча иши ондогон жылдар бою узакка созулган изилдөөлөргө негизделген. Ал эмбриондордун өнүгүүсүн жана алардын жасалма шарттарда өстүрүлүүсүн терең изилдеген. Эдвардстын ИВФ боюнча ишиндеги негизги этаптар: * Эмбриондордун in vitro (пробиркада) өстүрүлүшү: Эдвардс эмбриондордун in vitro (пробиркада) өстүрүлүшү боюнча ыкмаларды иштеп чыккан. Бул эмбриондордун өнүгүүсүн байкоого жана манипуляциялоого мүмкүндүк берген. Жыныс клеткаларынын (гаметалардын) өстүрүлүшү: Ал жумуртка клеткаларынын жана сперматозоиддердин in vitro өстүрүлүшүнүн ыкмаларын өркүндөткөн, бул ИВФ процедурасы үчүн зарыл болгон. Уруктандыруу in vitroдо (пробиркада): Эдвардс in vitro уруктандыруу ыкмасын өркүндөткөн, бул жумуртка клеткаларынын сперматозоиддер менен пробиркада уруктануусуна мүмкүндүк берген. Эмбриондун трансплантациясы: Эдвардс in vitro уруктандырылган эмбриондорду жатынга имплантациялоо ыкмаларын иштеп чыккан. 1978-жылы, Эдвардс жана анын кесиптеши Патрик Стептоу биринчи ийгиликтүү ИВФ аркылуу Луиз Браундун төрөлүшүнө жетишкен. Бул окуя репродуктивдүү медицина тарыхындагы эң маанилүү окуя болгон жана миллиондогон адамдарга балалуу болууга мүмкүндүк берген. а) жекече иштөө б) эки-экиден | Окуучулар берилген тапшырманы аткарып жатып илимий фактылар менен таанышып, буга чейинки билимдерин бекемдешет. | Тапшырма адамдын жашоо тиричилиги менен байланышкан. Биологиялык билимдери аркылуу берилген тапшырманы аткарышат. |
4 | 4Е-этап Кеңейтүү 10 мин. | v Балдар төмөндөгү суроого класстер түзүшөт. v Эмне себептен тирүү организмдер тукумсуз болуп калышат? v Тапшырманы аткарууга 5 минут берилет. а) жекече иштөө б)эки-экиден
| Окуучулар суроого интернет булактарынын жардамы менен жооп беришет.
| Окуучулар бул этапта алган билимдери аркылуу келечекте турмушунда туура кадам жасоого, жана алардын алдын алууга үйрөнүшөт. |
5 | 5Е-этап Баалоо 10 мин. | https://wordwall.net/resource/84228608 Балдар экрандагы шилтеме аркылуу wordwall тиркемеси менен суроолорго жооп беришет. Тапшырманы жекече, телефондун жардамы менен аткарышат. Үйгө тапшырма: Жыныссыз жана жыныстуу көбөйүү жолдору менен көбөйгөн өсүмдүктөргө, жаныбарларга бештен мисал жазып, эмне себептен ушундай (жыныстуу же жыныссыз жол) менен көбөйгөндүгүнүн себептерин жазып келишет. | Окуучулар суроолорго телефон менен жооп беришет. Тапшырманы 4 мүнөттүн ичинде аткарып бутүшөт. Окуучулар берилнен суроолорго алган билимдерине таянып жооп берип жатып, бул теманы канчалык деңгээлде түшүнгөндүгүн, өзүлөрүн баалашат. | Тиркеме аркылуу берилген суроолор жалпы “Көбөйүү” темасына багытталган. Ал жакта буга чейин алган билимдерин бекемдешет.
|
Илимий концепция:
Көбөйүү – бул тирүү организмдердин өзүнө окшош жаңы организмдерди пайда кылуу процесси. Бул биологиянын эң маанилүү концепцияларынын бири болуп саналат, анткени ал тирүү дүйнөнүн туруктуулугун жана эволюциясын камсыздайт. Көбөйүүнүн эки негизги түрү бар: жыныссыз жана жыныстуу көбөйүү.
Жыныссыз көбөйүү: Бул процессте жаңы организмдер ата-энесинен генетикалык жактан бирдей болушат. Жыныссыз көбөйүүнүн бир нече жолу бар, алардын катарына:
* Бөлүнүү: Клетка экиге бөлүнүп, эки жаңы клетка пайда болот (мисалы, бактерияларда).
* Бүчүрлөө: Ата-эне клеткасынан кичинекей бүчүр пайда болуп, андан жаңы организм өсөт (мисалы, ачыткыларда).
* Спорофиттик көбөйүү: Ата-эне клеткасы спораларды пайда кылат, алардан жаңы организмдер өсөт (мисалы, козу карындарда).
* Вегетативдик көбөйүү: Жаңы организмдер өсүмдүктүн вегетативдик бөлүктөрүнөн (тамырлар, сабактар, жалбырактар) өсөт (мисалы, картошкада).
* Фрагментация: Ата-эне организми бир нече бөлүккө бөлүнүп, ар бир бөлүктөн жаңы организм пайда болот (мисалы, жылдызчаларда).
Жыныстуу көбөйүү: Бул процессте эки ата-эне организминин генетикалык материалы биригип, жаңы организм пайда болот. Жыныстуу көбөйүүнүн маанилүү өзгөчөлүгү — генетикалык ар түрдүүлүктүн пайда болушу. Бул ар түрдүү генетикалык комбинацияларды жаратат, бул популяциянын адаптациялануу жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Жыныстуу көбөйүүнүн негизги этабы — мейоз жана уруктануу.
* Мейоз: Бул клетка бөлүнүү процесси, анын натыйжасында хромосомалардын саны эки эсе азаят (гаплоиддик клеткалар). Мейоз аркылуу гаметалар (жыныс клеткалары) пайда болот.
* Уруктануу: Бул эки гаметанын (бир эркек жана бир ургаачы) биригүү процесси, анын натыйжасы зигота (диплоиддик клетка) пайда болот. Зиготадан жаңы организм өсөт.
Көбөйүүнүн эволюциялык мааниси:
Көбөйүү тирүү организмдердин уланышын жана эволюциясын камсыздайт. Жыныссыз көбөйүү тез көбөйүүгө мүмкүндүк берет, ал эми жыныстуу көбөйүү генетикалык ар түрдүүлүктү камсыздап, популяциянын адаптациялануу жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Эволюция табигый тандалуунун натыйжасында пайда болот, ал жерде генетикалык жактан ыңгайлуураак организмдер жашоодо көбүрөөк ийгиликке жетишет жана көбүрөөк тукум калтырышат.
Комментарийлер