КЫЯЛДАНГАН КЕСИПКЕ ЖОЛ –ОшТУдан БАШТАЛАТ!

  • 29.05.2026
  • 0

КЫЯЛДАНГАН КЕСИПКЕ ЖОЛ –ОшТУдан БАШТАЛАТ!

Урматтуу бүтүрүүчү!

Ар бир адамдын жашоосунда кесип тандоо – бул жөн гана чечим эмес, бул келечекке багыт алган маанилүү кадам. Дал ушул кадам сиздин эртеңки ийгилигиңизди аныктайт. Ош технологиялык университети (ОшТУ) – сиздин мүмкүнчүлүктөрүңүздү ачып, кыялдарыңызды ишке ашырууга жол көрсөтүүчү ишенимдүү билим ордосу.

Көп жылдык тажрыйбаны заманбап билим берүү ыкмалары менен айкалыштырган ОшТУ бүгүнкү күндө энергетика, автотранспорт, курулуш, архитектура, IT-технологиялар, экономика, экология, кибернетика, педагогика жана юриспруденция багыттары боюнча суроо-талапка ээ адистерди даярдап келет. Бул жерде ар бир студент өз потенциалын ачып, кесиптик жактан өсүүгө кеңири шарт таба алат.

ОшТУ – бул жөн гана билим берүүчү жай эмес, бул чоң мүмкүнчүлүктөрдүн аянты. Университет эл аралык билим берүү мейкиндигинде активдүү иш алып барып, студенттерге дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө билим алууга, тажрыйба топтоого жана жаңы маданияттарды өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Студенттер үчүн мүмкүнчүлүктөр:

◉ Эл аралык программалар аркылуу кош диплом алуу;

◉ Чет өлкөлөрдө билим алуу жана иш тажрыйбасына ээ болуу;

◉ Чет тилдерин акысыз үйрөнүү;

◉ Заманбап жатакана, интернет, китепкана жана спорттук шарттар;

◉ Илимий долбоорлорго, олимпиадаларга жана конференцияларга катышуу;

◉ Магистратура жана PhD программаларында билимди улантуу.

ОшТУда 500гө жакын тажрыйбалуу окутуучулар, анын ичинде илим докторлору, академиктер жана эл аралык тажрыйбасы бар адистер эмгектенет.Университеттин бүтүрүүчүлөрү өлкө ичинде гана эмес, эл аралык деңгээлде да өз ордун таап, ийгиликтүү карьера куруп келишет.

Туура кесип – татыктуу келечек!

ОшТУ – билимге, карьерага жана дүйнөгө эшик ачуучу жол!

КЫЯЛДАНГАН КЕСИПКЕ ЖОЛ –ОшТУдан БАШТАЛАТ!

Турсунбаев Жанболот Жанышович,
ОшТУнун ректору, профессор

ОШ ТЕХНОЛОГИЯЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН СТРУКТУРАСЫ

🔰 Архитектура жана курулуш институту

🔰 Энергетика жана транспорт институту

🔰 Инновациялык маалымат технологиялар институту

🔰 Технология жана жаратылышты пайдалануу институту

🔰 Экономика жана башкаруу институту

🔰 Эл аралык мамилелер, укук жана билим берүү институту

🔰 Академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн
технологиялык жана билим берүү институту

🔰 Гуманитардык-технологиялык колледж

Байланыш номерлер: +996 770 777 770: +996 771 058 022:

+996 777 485 042: +996 776 225 596: +996 779 910 912:

АРХИТЕКТУРА ЖАНА КУРУЛУШ ИНСТИТУТУ

Багыттар:  

  1. Архитектура — контракт 50100 сом

(Негизги тест, чыгармачылык сынак)

профили:

Имараттардын жана курулмалардын архитектурасы

◉ күндүзгү окуу бөлүмү, окуу мөөнөтү – 5 жыл,

◉ квалификациясы – бакалавр,

◉ бюджеттик жана келишимдик (контракт) негизде.

 

  1. Архитектуралык чөйрөнүн дизайны — контракт 50100 сом

профили:

Шаардык чөйрөнүн дизайны

(Негизги тест, чыгармачылык сынак)

◉ күндүзгү окуу бөлүмү, окуу мөөнөтү – 5 жыл,

◉ квалификациясы – бакалавр,

◉ бюджеттик жана келишимдик (контракт) негизде.

  1. Курулуш — контракт 50100 сом

профилдери:

Өнөр жай жана атуулдук курулуш

(Негизги тест, математика же физика)

◉ күндүзгү окуу бөлүмү, окуу мөөнөтү – 4 жыл,

◉ сырткы окуу бөлүмү, окуу мөөнөтү – 5 жыл,

◉ квалификациясы – бакалавр,

◉ бюджеттик жана келишимдик (контракт) негизде.

Имараттарды долбоорлоо

(Негизги тест, чыгармачылык сынак)

◉ күндүзгү окуу бөлүмү, окуу мөөнөтү –
4,5 жыл,

◉ сырткы окуу бөлүмү, окуу мөөнөтү –
5,5 жыл,

◉ квалификациясы – бакалавр,

◉ бюджеттик жана келишимдик (контракт) негизде.

Автоунаа жолдору жана аэродромдор

(Негизги тест, математика же физика)

◉ күндүзгү окуу бөлүмү, окуу мөөнөтү – 4 жыл,

◉ сырткы окуу бөлүмү, окуу мөөнөтү – 5 жыл,

◉ квалификациясы – бакалавр,

◉ бюджеттик жана келишимдик (контракт) негизде.

Кыймылсыз мүлктү башкаруу жана

эксперттөө

(Негизги тест, математика же физика)

◉ күндүзгү окуу бөлүмү, окуу мөөнөтү – 4 жыл,

◉ сырткы окуу бөлүмү, окуу мөөнөтү – 5 жыл,

◉ квалификациясы – бакалавр,

◉ келишимдик (контракт) негизде.

Гидротехникалык курулуш

(Негизги тест, математика же физика)

◉ күндүзгү окуу бөлүмү, окуу мөөнөтү – 4 жыл,

◉ сырткы окуу бөлүмү, окуу мөөнөтү – 5 жыл,

◉ квалификациясы – бакалавр,

◉ келишимдик (контракт) негизде.

КЫЯЛДАНГАН КЕСИПКЕ ЖОЛ –ОшТУдан БАШТАЛАТ!

  1. Магистратура

Курулуш — контракт 40000 сом

Имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо жана анын теориясы

◉ күндүзгү окуу бөлүмү, окуу мөөнөтү – 2 жыл,

◉ квалификациясы – магистр,

◉ келишимдик (контракт) негизде.

  1. Дизайн — контракт 50100 сом

профилдери:

Графикалык дизайн

(компьютердик дизайн)

(ЖРТ талап кылынбайт, чыгармачылык сынак)

◉ күндүзгү окуу бөлүмү, окуу мөөнөтү – 4 жыл,

◉ сырткы окуу бөлүмү, окуу мөөнөтү – 5 жыл,

◉ квалификациясы – бакалавр,

◉ бюджеттик жана келишимдик (контракт) негизде.

Дизайн интерьер

(ЖРТ талап кылынбайт, чыгармачылык сынак)

◉ күндүзгү окуу бөлүмү, окуу мөөнөтү – 4 жыл,

◉ сырткы окуу бөлүмү, окуу мөөнөтү – 5 жыл,

◉ квалификациясы – бакалавр,

◉ бюджеттик жана келишимдик (контракт) негизде.

КЫЯЛДАНГАН КЕСИПКЕ ЖОЛ –ОшТУдан БАШТАЛАТ!

ИННОВАЦИЯЛЫК МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАР ИНСТИТУТУ

  1. Инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш системалары

Профили:

Программалык-корголгон инфокоммуникациялар;

  1. Информатика жана эсептөө техникасы (ПОВТАС)

Профили:

◉ Эсептөө техникасынын жана автоматташтырылган системалардын программалык камсыздоосу.

  1. Маалыматтык коопсуздук (МК)

Профили:

Укук коргоо чөйрөсүндөгү маалыматтык технологиялардын коопсуздугу.

  1. Программалык инженерия (ПИнж)

Профили:

Программалык камсыздоону иштеп чыгуу технологиясы

  1. Мехатроника жана робототехника (МиР)

Профили:

◉ Робототехника

  1. Колдонмо информатика (КИ)

Чоң маалыматтардын аналитикасындагы колдонмо информатика

  1. Маалыматтык системалар жана технологиялар (МСТ)

Профили:

Экономикадагы маалыматтык системалар жана технологиялар.

Эл аралык мамилелер, укук жана билим берүү институту (ЭМУБИ)

  1. Эл аралык мамилелер – профиль:
    Эл аралык мамилелер
  2. Юриспруденция – профиль:
    Ишкердик укук
  3. Бизнес башкаруу – профилдери:
    Эл аралык бизнес; Программаларды жана долбоорлорду башкаруу
  4. Социалдык иш – профиль:
    Социалдык иш
  5. Колдонмо математика жана информатика – профиль:
    Колдонмо математика жана информатика
  6. Кесиптик билим берүү – профилдери:
    Информациялык технологиялар; Психология
  7. Педагогика – профиль: Баштапкы билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы
  8. Технологиялык билим берүү –
  9. Компьютердик лингвистика –
    профиль: Маданияттар аралык коммуникация жана автоматташтырылган котормо системалары
  10. Лингвистика – профиль: Котормо жана котормо таануу
  11. Котормо жана котормо таануу –
    5 жылдык (специалитет) (жогорку билим)

КЫЯЛДАНГАН КЕСИПКЕ ЖОЛ –ОшТУдан БАШТАЛАТ!

МАГИСТРАТУРА

  1. Кесиптик билим берүү – Профиль: Психология
  2. Колдонмо математика жана информатика – Профиль: Колдонмо математика жана информатика
  3. Социалдык жумуш – Профиль:
    Социалдык жумуш

Гуманитардык-технологиялык колледжи

  1. Башталгыч класстарда окутуу (квалификациясы – башталгыч класстын мугалими);
  2. Котормо иши (квалификациясы — котормочу);
  3. Чет тили (квалификациясы — башталгыч класстын чет тил мугалими);
  4. Социалдык иш (квалификациясы — социалдык кызматкер);
  5. Укук жана социалдык камсыздоону уюштуруу (квалификациясы — юрист);
  6. Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча)(квалификациясы — бухгалтер);
  7. Финансы (тармактар боюнча) (квалификациясы — финансист);
  8. Менеджмент (тармактар боюнча) (квалификациясы — менеджер);

080601.Статистика (квалификациясы — экономист);

  1. Банк иши (квалификациясы — банк ишинин адиси);
  2. Туризм (квалификациясы — туризм боюнча адис);
  3. Байланыш тарамдары жана коммутациялык системалар (квалификациясы — техник);
  4. Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо (квалификациясы — техник-программист);
  5. Эсептөө техникаларынын жана компьютердик тармактардын каражаттарын техникалык тейлөө (квалификациясы — техник);
  6. Колдонмо информатика (тармактар боюнча) (квалификациясы — техник-программист);
  7. Компьютердик системалар жана комплекстер(тармактар боюнча) (квалификациясы -компьютердик системалар боюнча техник);
  8. Компьютердик системаларда программалоо (квалификациясы — техник-программист);
  9. Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча) (квалификациясы — техник);
  10. Тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы (квалификациясы — модельер-конструктор);
  11. Дизайн (тармактар боюнча) (квалификациясы — дизайнер);
  12. Ачык тоо-кен иштери (квалификациясы — тоо-кен техник-технологу);

280105.Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу (квалификациясы — техник);

  1. Мунай менен газды кайра иштетүү (квалификациясы — техник-технолог);
  2. Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы (квалификациясы — технолог);
  3. Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча) (квалификациясы — техник-электрик);
  4. Электр-энергетикалык системаларды автоматташтыруу жана релелик коргоо (квалификациясы — техник-электрик);
  5. Электр станциялары, тармактар жана системалар (квалификациясы — техник-электрик);
  6. Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу (квалификациясы — техник-электрик);
  7. Инженердик курулуштарды куруу жана пайдалануу (квалификациясы — техник);
  8. Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо (квалификациясы — техник);
  9. Автомобиль жолдорун жана аэродромдорду куруу жана эксплуатациялоо (квалификациясы — техник);
  10. Архитектура (квалификациясы — техник);
  11. Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо (квалификациясы — техник);
  12. Транспортто ташууларды уюштуруу жана башкаруу (квалификациясы — техник);
  13. Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо (квалификациясы — техник-электр-механик);

АКАДЕМИК Б.МУРЗУБРАИМОВ АТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК ӨЗГӨН ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТУ

230109 Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо

140212 Электр менен жабдуу (тармактар боюнча)

050704 Мектепке чейинки билим берүү

050709 Башталгыч класстарда окутуу

080106 Финансы (тармактар боюнча)

080110 Экономика жана бухгалтердик эсеп-кысап (тармактар боюнча)

030503 Укук таануу

ТЕХНОЛОГИЯ ЖАНА
ЖАРАТЫЛЫШТЫ ПАЙДАЛАНУУ ИНИСТИТУТУ

  1. Экология жана жаратылышты колдонуу

Адистиги: «Экология жана жаратылышты колдонуу»

  1. Токой иштери жана ландшафттык курулуш

Адистиги: «Токой иштери жана ландшафттык курулуш»

  1. Химиялык технология багыты

Адистиги: «Органикалык эмес заттардын химиялык технологиясы»

Адистиги: «Табигый энергия алып жүрүүчү нефтинин, газдын жана көмүртектүү материалдардын химиялык технологиясы»

  1. Айыл-чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы

Адистиги: «Өсүмдүк азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы»

  1. Биотехнология

Адистиги: “Тамак-аштын биотехнологиясы”

  1. Агрономия

Адистиги: «Бажы кызматындагы фитосанитардык көзөмөл»

  1. Костюм жана текстиль искусствосу

Адистиги: «Кийимди көркөмдөп долбоорлоо»

  1. Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы жана конструкциялоо

Адистиги: «Тигилүүчү буюмдардын технологиясы»

  1. Дизайн багыты

Адистиги: «Кийимдин дизайны»

  1. Колдонмо геология багыты

Адистиги: «Пайдалуу кендерди геологиялык сүрөттөө, издөө жана  чалгындоо»

Адистиги: «Мунай жана газдын геологиясы»

  1. Техносфералык коопсуздук багыты

Адистиги: «Өзгөчө кырдаалдарда коргоо»

КЫЯЛДАНГАН КЕСИПКЕ ЖОЛ –ОшТУдан БАШТАЛАТ!

ЭКОНОМИКА ЖАНА БАШКАРУУ ИНСТИТУТУ

Багыты – 580100Ю. ЭКОНОМИКА

(негизги тест, математика)

Профиль:

◉ Финансы жана кредит

◉ Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит

◉ Салык салуу жана каржылык технологиялар

◉ Экономика жана ишканаларды башкаруу

◉ Дүйнөлүк экономика жана эл аралык экономикалык мамилелер (ЭЭМ)

Багыты – 710500. ИНТЕРНЕТ-ТЕХНОЛОГИЯЛАР ЖАНА БАШКАРУУ

(негизги тест, математика же физика)

Профиль:

◉ Эсептеги, анализдеги жана аудиттери интернет технологиялар

Багыты – 580500 БИЗНЕС-ИНФОРМАТИКА

(негизги тест, математика)

Профиль:

◉ Электрондук бизнес

◉ МКТ менеджер

◉ Санариптик экономикадагы бизнес

Багыты – 710300. КОЛДОНМО ИНФОРМАТИКА

(негизги тест, математика же физика)

Профиль:

◉ Экономикадагы колдонмо информатика

Багыты – 580200. МЕНЕДЖМЕНТ

(негизги тест, математика)

Профиль:

◉ Өндүрүштүк менеджмент

Багыты – 580600. ЛОГИСТИКА

(негизги тест, математика же физика)

Профиль:

◉ Ишмердүүлүк логистикасы

◉ Каржы банктык ишмердүүлүгүнүн логистикасы

 

ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ ИНСТИТУТУ

Багыты – 670300. Транспорттук процесстердин технологиясы (Негизги тест, математика же физика)

Профилдери: — Кыймыл коопсуздугун уюштуруу;

◉ Автоунаадагы бажы иши;

◉ Темир жолдогу ташууну уюштуруу жана башкаруу;

◉ Унаадагы жүктөрдү ташууну уюштуруу жана башкаруу

КЫЯЛДАНГАН КЕСИПКЕ ЖОЛ –ОшТУдан БАШТАЛАТ!

Багыты – 670200. Унаа-технологиялык машиналарды жана комплекстерди иштетүү (Негизги тест, математика же физика)

Профилдери: — Автомобиль жана автомобилдер чарбасы;

◉ Автоунааларды тейлөө;

◉ Транспорт жана транспорттук-технологиялык машиналарды жана жабдууларды тейлөө (Мунай жана газ өндүрүү);

◉ Транспорттук жана транспорттук-технологиялык машиналарды жана жабдууларды тейлөө (Мунай продуктыларын берүү жана газ менен камсыздоо)

Багыты – 650300. Машина куруу (Негизги тест, математика же физика)

Профилдери: — Өндүрүштүк инженерия;

◉ Машина куруудагы технология жана менеджмент

Багыты – 640200. Электр энергетикасы жана электр техникасы (Негизги тест, математика же физика)

Профилдери: — Электр менен жабдуу;

◉ Электр станциялары;

◉ Электр энергетикалык тармактар жана тору;

◉ Электр энергетикадагы IT;

◉ Электр энергетикадагы менеджмент;

◉ Электр унаа жана учкучсуз транспорт;

◉ Электр энергетикада энергияны үнөмдөө

◉ Электр энергетикалык системадагы релейлик коргоо жана автоматика

Багыты – 640100. Жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы (Негизги тест, математика же физика)

Профили: — Жылуулук  электр станциясы

Багыты – 610300. Агроинженерия (Негизги тест)

Профилдери: — Электр жабдыктары жана электр технологиялары;

◉ Агроөнөр жай комплексинин электр энергетика тармагындагы электр техникалык маалымат системалары.

КЫЯЛДАНГАН КЕСИПКЕ ЖОЛ –ОшТУдан БАШТАЛАТ!

КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ КУРСТАР БОЮНЧА ДАЯРДОО

Окууга өткөн абитуриенттерге окуп жаткан адистигине карабастан контракттык негизде төмөндө көрсөтүлгөн кыска мөөнөттүү курстардан окуп, мамлекеттик эмес үлгүдөгү дипломго, сертификатка ээ болуусуна шарт түзүлгөн (лицензия №Е16000491, LE50000774, LE180001173, КР ББжИМ):

Компьютердик сабаттуулук (окуу мөөнөтү 2 ай).

Чачтарач иши (окуу мөөнөтү 2 ай).

Орус тили (окуу мөөнөтү 1 жылга чейин).

Англис тили (окуу мөөнөтү 1 жылга чейин).

Ветеринардык санитар (окуу мөөнөтү 2 ай).

Электр ширетүүчү (окуу мөөнөтү 2 ай).

От жагуучу (окуу мөөнөтү 2 ай).

Кулинария (окуу мөөнөтү 2 ай).

Кабыл алуу учурунда бардык предметтер боюнча кыска мөөнөттөгү даярдоо курстары уюштурулат. Институттун жатаканасы бар.

 

Окуу мөөнөтү орто кесиптик билим алуу үчүн:

✿ 9-классты бүтүргөндөр 2 жыл 10 ай,

✿ 11-классты бүтүргөндөр 1 жыл 10 ай, ал эми сырткы бөлүмдөгүлөр 2 жыл 6 ай окушат.

Биздин дарек: 715520 Өзгөн шаары, Манас көчөсү 186, Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту.

Сурап-билүү телефондору: (03233) 5-31-89, 5-30-34,

0701-83-83-95

Окуу мөөнөтү бардык адистиктер үчүн:

✿ жалпы орто билим берүүнүн (11-кл.) базасында – 1 жыл 10 ай

✿ (Архитектура адистиги – 2 жыл 6 ай);

✿ сырттан окуу – 2 жыл 6 ай.

✿ негизги жалпы билим берүүнүн (9-кл.) базасында – 2 жыл 10 ай

✿ (Архитектура адистиги – 3 жыл 6 ай);

 

Окууга тапшыруу үчүн керектүү документтер:

  1. Аттестат, 9-11-классты бүткөндүгү тууралуу күбөлүк (түпнускасы);
  2. Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк (көчүрмөсү);
  3. Сүрөт 3х4 – 6 даана;
  4. Аскердик билет же каттоо күбөлүгү (аскерге милдеттүүлөр үчүн, көчүрмөсү);
  5. Ата-энесинин паспорту (көчүрмөсү).

 

Бөлүшүү

Комментарийлер