Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжи — сапаттуу билимдин жана келечектин ордосу!

  • 04.06.2026
  • 0

Заман талабына ылайык сапаттуу билим берүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо — бүгүнкү күндүн негизги максаттарынын бири. Ушул багытта Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжи көп жылдардан бери үзүрлүү эмгектенип, өзүнүн туруктуу ордун ээлеп келет.

Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжи — сапаттуу билимдин жана келечектин ордосу!

Колледжде студенттерге заманбап билим берүү менен катар, алардын инсандык өнүгүүсүнө, тарбиясына жана кесиптик калыптанышына өзгөчө көңүл бурулат. Окуу жайда педагогикалык жана техникалык багыттагы адистиктер даярдалат.

Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжи — сапаттуу билимдин жана келечектин ордосу!

Окуу процесси теория менен практиканын айкалышында жүргүзүлүп, студенттерге өз кесибин терең өздөштүрүүгө шарт түзүлгөн. Заманбап жабдылган окуу кабинеттер, окуу өндүрүштүк комплекстери, практикалык сабактар студенттердин билим сапатын жогорулатууга көмөк көрсөтөт. Колледжде ар кандай маданий-массалык иш-чаралар, семинарлар, ачык сабактар, кесиптик сынактар жана спорттук мелдештер үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Студенттер шаардык, облустук жана республикалык деңгээлдеги иш-чараларга активдүү катышып, ийгиликтерди жаратып келишет.

Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжи — сапаттуу билимдин жана келечектин ордосу!

Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжи Алдыңкы тажрыйба борбору катары Ысык-көл облусундагы башталгыч жана орто кесиптик окуу жайлардын окутуучулары менен тажрыйба алмашуу, квалификация жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын көз карандысыз, сертификациялоо жана валидациялоо борбору менен биргеликте иш алып барат.

Туризм адистиги боюнча окуган студенттер стажировкаларын чет өлкөлөрдө (Болгария, Турция, Татарстан) өтүп, ийгиликтүү бүтүрүүчүлөр иш менен камсыз болууда.

Колледждин негизги максаты — билимдүү, кесипкөй жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо. Бул багытта окутуучулар заманбап методдорду колдонуп, студенттерге сапаттуу билим берип келишет.

Урматтуу абитуриенттер!

Эгер сиз сапаттуу билим алып, келечекте мыкты адис болууну кааласаңыз — биздин колледжди тандаңыз!

 2026–2027-окуу жылына карата кабыл алуу жүрүп жатат. Биз сиздерди төмөнкү багыттар боюнча окууга чакырабыз:

* туризм;

* автоматташттырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программмалык камсыздоо;

* тигүү буюмдарын моделдөө, конструкциялоо жана технологиясы;

* башталгыч класстарда окутуу;

* мектепке чейинки билим берүү;

* экономика жана бухгалтердик эсеп;

* дене тарбия мугалими;

* технология мугалими;

* автоунааларда жүк ташууну башкаруу жана уюштуруу;

* башталгыч класстардын англис тил мугалими.

Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжи — сапаттуу билимдин жана келечектин ордосу!

Кошумча билим берүү: “Орто жана башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндө кадрларды кайра даярдоо курсу”. Окуу мөөнөтү 6 ай (күндүзгү жана аралыктан).

Региондогу орто окуу жайлардын инженер-педагогдору кайра даярдоо курсунан өтүп, “Педагог” квалификациясы ыйгарылган күбөлүк берилет.

Кабыл алуудагы өзгөчөлүктөр

✔ Колледж 9-класстын жана 11-класстын базасында кабыл алат.

✔Кабыл алуу онлайн офлайн форматта жүргүзүлөт.

 ОКУУГА КИРҮҮ ҮЧҮН КОЛЛЕДЖ ТӨМӨНКҮ ДОКУМЕНТТЕРДИ ТАЛАП  КЫЛАТ:

билими жөнүндө документ: (аттестат, күбөлүк) түп нуска;

паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

№063 мед. картанын көчүрмөсү (9-кл. үчүн);

сүрөт 3х4 (4 даана);  

11-класстын базасында ЖРТнын жыйынтыгы.

Биздин дарек: Балыкчы шаары Ж.Аманбаева 208

Байланыш номер : +996(552)33-32-44, 0702-35-45-34

[email protected] 

Биз менен келечегиңизди куруңуз!

Бөлүшүү

Комментарийлер