57 МЕКТЕПТИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ЖРТга КАТЫШПАЙ КЕЛЕТ

  • 27.02.2023
  • 0

Жалпы республикалык тестирлөөгө катышпай калган балдар каякка  кеткени тууралуу маалымат жок экенин  КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигиндеги жолугушууда баса белгиледи.

57 МЕКТЕПТИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ЖРТга КАТЫШПАЙ КЕЛЕТ

Акылбек Жапаровдун маалыматы боюнча, 2022-жылы өткөн ЖРТга республика боюнча 58464 гана бала катышкан (69%), тестке катышкан балдардын 57%ы  110 баллга жетпей калган.

— ЖРТ орто заар окуган балдар үчүн экени көрүнүп турат. Мындан ары ЖРТга 8-9-10-класстардын билимин тест аркылуу текшерүү керек. Кайсы мектеп каякка жылып баратканын көрөлү. Алсак, Жалал-Абад облусунда  22 мектеп бар экен. Анда иштеген директорлор иштебеши керек.  Завучтарын алмаштыруу зарыл. Мугалимдердин курамын карап көрүп, керек болсо борбор калаадан күчтүү мугалимдерди жардамга жиберүү керек. Жыл сайын эле балдар ЖРТга катышпай талаада кала береби? — деди А.Жапаров.

Ош облусу боюнча — 15, Чүйдө – 12, Баткенде – 3, Ысык-Көлдө – 3, Нарын облусунда 2 мектептин окуучулары жылда өткөн ЖРТга катышпай келишет.  Ушулардын баарын колго алуу керек экенин жаңы дайындалган билим министри К.Иманалиевге өкмөт  башчысы тапшырма берди.

ЖРТ тапшырбай калган 16975 бала, 110 баллга жетпей калган 18198 баланын тагдыры каякка бурулуп кеткенин, аларды тактап анализ кылууну сунуштады.

Мындан сырткары, мугалимдин кадыр-баркын көтөрүү үчүн бир топ иш-аракеттер жүрүп жатканына токтолду.  Ошондой эле директорлорду тандоо боюнча сынак аягына чыкканда мектеп директорлорунун эмгек акысы көтөрүлөөрүн айтты.

— Мектеп директорлорун тандоо сынагы аягына чыкпай жатат. Бул иш-аракетти эртелеткиле. Садыр Нуркожоевичтин тапшырмасы бар, сынак аяктаган соң мектеп директорлордун айлык акыларын чечишибиз керек, — деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер