500ДӨН АШЫК МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИ ЖАНА 60ТАН АШЫК УСУЛЧУЛАР ЭЛЕКТРОНДУК ОКУТУУ БОЮНЧА САБАК АЛЫШТЫ

  • 12.11.2020
  • 0

Кыргызстанда 500дөн ашык мектеп мугалимдери жана 60тан ашык усулчуларга таасирдүү электрондук окутуу боюнча онлайн сабактар болуп өттү. Иш-чара Улуу Британиянын билим берүү программаларынын бүтүрүүчүлөрүнүн Кыргызстандагы ассоциациясы (UKEAA) менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өткөрүлдү. Онлайн сабакты аралыктан электрондук окутуу боюнча Кыргызстанда жана чет өлкөдө көп жыл иштеген тажрыйбалуу мугалимдер өттү.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын 8-апрелинде өлкө боюнча билим берүү мекемелери аралыктан окутууга өткөн. Аралыктан окутууга өтүү үчүн КР Билим берүү министрлиги бир катар даярдыктарды жасаган. 11-ноябрдан баштап өлкөдү 1489 мектепте реалдуу окуу кайра жанданды. Анткен менен, билим берүү системасынын кызматкерлеринин санариптик жөндөмдөрүн жогорулатуу дагы эле актуалдуу бойдон калууда.

“Билим берүү тармагындагы санариптешүү, электрондук окууга шарт түзүү, дистанциондук жана башка технологияларды колдонуу жана санариптик деңгээлди калыптандыруу 2021-2030-жылдарга билим берүүнү өнүтүрүү стратегиясынын приоритети болуп саналат”, — деди КР БИМдин Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын адиси.

Мектеп мугалимдерин жана усулчуларды окутуу UKEAA нын “Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы учурунда жана андан кийинки убакта санариптик трансформациялоону илгерилетүү” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Долбоор билим берүү жана саламаттык сактоо секторлоруна басым жасап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө санариптештирүү иштеринде көмөк көрсөтүүгө багытталган.

UKEAA бүтүрүүчүлөрү экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө, экономикалык өсүшкө жетүүдө санариптик технологиялардын маанилүүлүгү жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу элге маалымат жеткирүүнү көздөйт. Бул максатта ассоциация Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө “Санариптик Кыргызстан” концепциясын ишке ашырууда көмөк көрсөтөт. Долбоордун алкагында онлайн мастер класстар, конференциялар, “TED Talks” үлгүсүндөгү сүйлөшүүлөр жана башка онлайн иш-чаралар дагы пландалууда.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен тыгыз кызматташууда ишке ашууда. Улуу Британиянын КРдагы Элчилиги финансылык колдоо көрсөтүүдө.

Бөлүшүү

Комментарийлер