5-ОКТЯБРЬ – МУГАЛИМДЕРДИН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ

  • 04.10.2022
  • 0

Жыл сайын 5-октябрда дүйнөнүн жүздөн ашык өлкөсү Мугалимдер күнүн белгилейт. Дүйнөлүк мугалимдер күнү 1994-жылы негизделген. Бул күнү мугалимдердин өсүп келе жаткан муундун билим алуусуна жана тарбиялоого кошкон салымы даңазаланат.

5-ОКТЯБРЬ – МУГАЛИМДЕРДИН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ

2020-жылдагы статистикага таянсак, Кыргызстандын калкынын тогуз пайыздан ашыгы билим берүү чөйрөсүндө эмгектенет. Башкача айтканда, республикада 82 миңден ашык мугалим эмгектенсе, анын 24 миңи шаарда, 58 миңге жакыны айыл жеринде иштейт. Алардын  87 пайыздан ашыгы жогорку билимдүү.

Учурда республикада мектепке чейинки, жалпы билим берүүчү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарында 113 миңден ашык педагог эки миллионго жакын балдарды, окуучуларды жана студенттерди тарбиялап жана окутуп келет.

5-ОКТЯБРЬ – МУГАЛИМДЕРДИН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ

Жалпы билим берүү уюмдарында бир мугалимге орточо 16 окуучу туура келет. Мында, шаардык жана айылдык мектептердин мугалимдеринин жүгү кыйла айырмаланат. Эгерде, шаарлардын мектептеринде бир мугалимге орточо 20 окуучу, ал эми айылдардын мектептеринде — орточо 15 окуучу туура келет.

2020/2021-окуу жылында республика боюнча алты миңге жакын студент педагогикалык адистигин бүтүрүп чыкты.

Республикабыздын жогорку кесиптик окуу жайларында ар бир алтынчы студент педагогикалык кесипти тандаган.

5-ОКТЯБРЬ – МУГАЛИМДЕРДИН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ 5-ОКТЯБРЬ – МУГАЛИМДЕРДИН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ

Ж.ЖУСУЕВА «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер