46 ЖЫЛДАН КИЙИН ЖАҢЫЛАНГАН БАЛА БАКЧА

  • 18.05.2026
  • 0

Нарын шаарындагы №17 “Ынтымак” балдар бакчасы 46 жылдан кийин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Бул тууралуу шаар мэри Мээрим Нуралиева билдирди.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине 16 миллион 892 миң сом бөлүнгөн. Долбоордун алкагында имараттын чатыры толук жаңыртылып, ички шыбак иштери жүргүзүлүп, электр зымдары алмаштырылууда. Ошондой эле айланасына брусчатка төшөө иштери каралган.

46 ЖЫЛДАН КИЙИН ЖАҢЫЛАНГАН БАЛА БАКЧА

Учурда бала бакчанын сырткы көрүнүшү толук жаңыланып, ички жасалгалоо жумуштары жүрүп жатат. Долбоордун аткарылышы Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин көзөмөлүндө.

46 ЖЫЛДАН КИЙИН ЖАҢЫЛАНГАН БАЛА БАКЧА

Белгилей кетсек, №17 “Ынтымак” балдар бакчасы 1980-жылы курулган. Ошондон бери имарат капиталдык ремонттон өткөн эмес. Учурда бакчада 341 бала тарбияланат.

Бөлүшүү

Комментарийлер