45 ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗ ЖОЖДОРГО КАБЫЛ АЛЫНДЫ

  • 30.08.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги 2024-2025-окуу жылында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына чет өлкөдө жашаган 45 этникалык кыргыз кабыл алынгандыгын маалымдайт.

45 ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗ ЖОЖДОРГО КАБЫЛ АЛЫНДЫ

Алсак, Ош мамлекеттик университетине – 11, И.Ахунбаев   атындагы Кыргыз  мамлекеттик медициналык академиясына – 8, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине – 5, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине – 4, Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык  университети – 4, А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети – 3, М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети – 3,  И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 3, К. Карасаев  атындагы Бишкек мамлекетик университети – 2, К. Молдобасанов   атындагы  Кыргыз улуттук консерватория – 2 абитуриет кабыл алынды.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда окуу үчүн чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарга 75 квота бөлүнгөн.

23-августта жогорку окуу жайларына кабыл алуу үчүн чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздар үчүн кирүү сынагы өткөрүлүп, ага Өзбекстан жана Тажикстандан 50 этникалык кыргыз катышкан.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер