“40 РАЙОНДОН 40 КИТЕП” ДОЛБООРУ

  • 12.12.2023
  • 0

Кыргызпатент “40 райондон 40 китеп” долбоорун ишке ашырууну пландап жатат. Бул тууралуу Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева 12-декабрда “Саамалык-17” чыгармалар жыйнагынын бет ачарында жана “Жылдын мыкты китеби” сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземинде билдирди.

Иш-чара Адабият күнүнө жана Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата уюштурулган. Анын жүрүшүндө Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан турган чакан театралдаштырылган оюн көрсөтүлүп, белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин шакирттеринин концерттик программасы менен коштолду.

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаеванын айтымында, мекеме чыгармачыл инсандарга ар дайым колдоо көрсөтүп келет. “Быйыл айыл жергесиндеги чыгармачыл, сөз баккан инсандарды колдоо максатында “40 райондон 40 китеп” долбоорун ишке ашыруу идеясы келди. Буюрса, быйыл планга киргизебиз”,-деди Рахат Керимбаева.

Бөлүшүү

Комментарийлер