40 МИҢГЕ ЖАКЫН ПЕДАГОГ ОКУТУУДАН ӨТТҮ

  • 04.03.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында, пилоттук 1200 мектептеги 39 410 мугалим окуттуудан өттү.

40 МИҢГЕ ЖАКЫН ПЕДАГОГ ОКУТУУДАН ӨТТҮ

Педагогдордун кесиптик көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган иш-чаралар 2023-жылы башталган. , «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында бир нече багыттар боюнча жалпы 59 миңдей педагогдун билимин жогорулатуу пландалган.

Бүгүнкү күнү Санариптик сабаттуулук программасы — 22 540 мугалим, Инновациялык педагогикалык технологиялар программасы —  5390 миң башталгыч класс мугалими, Инновациялык педагогикалык технологиялар жана STEM билим берүүнүн негиздери программасы (математика, химия, физика, биология жана география) — 5760 мугалим, Коррекциялык окутуунун техника жана ыкмалары программасы — 5720 мугалим окутулду. Дагы  20 миңдей мугалим тренингден өтөт.

Бардык программалар боюнча окутуулар гибриддик өткөрүлүүдө. Ошондой эле мугалимдер тарабынан практикалык мүнөздөгү тапшырмаларды аткаруу үчүн өз алдынча иш каралган.

Офлайн тренингдердин негизги бөлүгү каникул убагында өткөрүлөт.

Тесттерди ийгиликтүү тапшырган мугалимдер Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан 72 сааттык окуу курсун бүтүргөндүгү тастыктоочу сертификаттарга ээ болот.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер