260 МУГАЛИМ ТЕЛЕСАБАКТАРГА ТАРТЫЛЫП ЖАТАТ

  • 15.08.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Жалал-Абад облусундагы билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен жолугуп, жаңы окуу жылына карата даярдык, дистанттык окутууда педагогдорго усулдук жардам жана башка маселелер боюнча баарлашты.

Министр дистанттык окутуу мезгилинде райондук билим берүү бөлүмдөрү мугалимдер менен тыгыз иштешип, аларга ийкемдүү мамиле жасоо менен ар тараптуу жардам бериши керектигин белгилеп өттү.

Учурда министрлик 2020-2021-окуу жылы үчүн телесабактарды тартууну улантып жатканын Исаков кошумчалады.

«Телесабактар үчүн конкурстук негизде 260 мугалим тандалып алынган. Алар — бир нече кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү жана окуучулары республикалык олимпиадада жеңишке жетишкен чыгармачыл мугалимдер. Телесабакка тартылуучу мугалимдер атайын даярдыктан, тренингден өткөрүлдү«,-деди министр.

Исаков быйыл жогору жана орто кесиптик окуу жайларына кабыл алуунун онлайн форматка өткөрүлүшү абитуриенттерге бирдей шарт жаратып, ЖОЖдордогу кабыл алуу комиссияларынын сынактардын жыйынтыгына таасирин жокко чыгарганын кошумчалады.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер