2022-2023-ОКУУ ЖЫЛЫНА ВЕНГРИЯНЫН ЖОЖДОРУНА ТАНДООНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ

  • 22.02.2022
  • 0

«Stipendium Hungaricum Scholarship Programme» стипендиялык программасынын алкагында өтүнмөнү ийгиликтүү тапшырган, «Stipendium Hungaricum Scholarship Programme» (stipendiumhungaricum.hu) программасынын онлайн-системасында жана кыргыз тараптын онлайн-системасында (https://student.edu.gov.kg) бардык бөлүктөрдү толтуруп, талап кылынган бардык документтерди жүктөгөн жана эки системада тең техникалык текшерүүдөн өткөн талапкерлер арасында конкурстук сынактар аяктады.

Тандоо сынактарын курамына академиялык чөйрөнүн жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирген көз карандысыз тандоо комиссиясы уюштуруп, өткөрдү.

Бакалавриат программасынын жана бир деңгээлдүү магистрдик программанын талапкерлери үчүн конкурстук тандоо орточо жетишкендиктин (аттестаттын/транскрипттин баалары), англис тилин билүү деңгээлинин (TOEFL/IELTS сертификаты) жана тестирлөөнүн натыйжаларынын негизинде өткөрүлгөн.

Магистратура жана докторантура программалары үчүн конкурстук тандоо орточо жетишкендиктин (аттестаттын/транскрипттин баалары) жана англис тилин билүү деңгээлинин (TOEFL/IELTS сертификаты) негизинде өткөрүлгөн.

Маанилүү! Программалардын ар бири үчүн квоталардын саны алдын ала сынактык тестирлөөгө кабыл алынган арыздардын санына жараша эсептелген.

Конкурстук тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Тандоо комиссиясы чечим кабыл алды.

Бакалавриат жана бир деңгээлдеги магистратура программаларына ылайык, 195 талапкерди төмөнкү багыттар боюнча Венгриянын ЖОЖдоруна кабыл алуу сунуш кылынат.

Список кандидатов

Толугураак маалымат министрликтин сайтында: https://edu.gov.kg/announcements/73/

 

Бөлүшүү

Комментарийлер