2019-ЖЫЛЫ РЕСПУБЛИКАДА ВИЧ-ИНФЕКЦИЯСЫН ЖУКТУРГАН 850 АДАМ АНЫКТАЛДЫ

  • 01.12.2020
  • 0

 2019-жылы республикада ВИЧ-инфекциясын жуктурган 850 адам аныкталды, алардын 70 пайызы жыныстык жол менен жуккан. Ошол эле учурда, бул илдетке чалдыккандардын саны 2015-жылы 393 учурдан 2019-жылы 595 учурга же 1,5 эсеге көбөйгөн.

ВИЧ-инфекциясынан улам 2019-жылы 77 адам көз жумган, алардын көпчүлүгү (50 өлүм) эркектер. Бирок алардын айрымдарынын өлүмүнө баңгизаттын ашыкча өлчөмдө берилиши жана башкалар себеп болгон. Өлгөндөрдүн жалпы санынын дээрлик бардыгы (99 пайызы) 30 жаштан 50 жашка чейинкилер, башкача айтканда, эмгекке жарамдуу курактагылар. 2019-жылы ВИЧ-инфекциясынан өлүмдүн эң жогорку көрсөткүчү Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарында катталды.

Белгилей кетүүчү нерсе, бүгүнкү күндө ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган адамдын антиретровирустук дарыларды кабыл алуу узактыгы ден-соолугу чың бир адамдын курагы боюнча айырмаланбайт.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын чечими менен иммундук жетишсиздик синдромуна каршы ВИЧ / СПИДге каршы күрөшүү күнү жыл сайын 1-декабрда белгиленет.

Ушул кун ВИЧ инфекциясын жайылышы ал туралуу маалыматтарды билүүнү жогорулатуу , СПИДге карата жаман ойлор боюнча жана ВИЧ-инфекциясына чалдыккан адамдарга карата дүйнөлүк коомдун көнүлүн буруу максатында белгиленген.

Улутстаткомунун Пресс-кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер