200 илимий баяндама окулду
- 23.04.2025
- 0
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде «Заманбап илимий жана инновациялык ишмердүүлүктө студенттердин орду жана ролу» аталышында II эл аралык студенттик илимий-практикалык конференциясы онлайн жана офлайн режиминде ѳтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиянын жогорку окуу жайларынын студенттери катышты.
Алгач келген конокторго Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин тарыхын, жетишкендиктерин баяндаган видео-ролик көрсөтүлүп, студенттердин маанайын көтөргөн оюн-зоок программасы орун алды.
Конференцияда окуу жайдын ректору, профессор АбдилбаетМамасыдыков А студенттерге илим изилдөө боюнча баалуу кеңештерин айтып, илимий изилдѳѳ иштерин жүргүзүүгѳ үндөдү.
Пленардык жыйындын ишин т.и.д., профессор Медербек Исманов «Кыргыз окумуштууларынын так илимдерге кошкон өзгөчө салымдары» аттуу баяндамысы менен улантты.
Ал эми конференциянын экинчи бөлүгү сексияларда жүргүзүлүп, жаш илимпоздор тарабынан 200 гө жакын илимий баяндамалар окулду.
Конференция Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетин табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультети тарабынан уюштурулду.
Комментарийлер